Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан М. Иманалиев орто мектебинде ушул жылдын 23-сентябрнда мугалимдер арасында өрөөндүк спартакиада өткөрүлдү.
Спартакиадада волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат оюндары уюштурулуп, ага 8 айылдын мугалимдери чакырылган.
Бул тууралуу “Кара-Чий” жамаатык мультимедиалык борборуна Имналиев атындагы орто мектебинин директору Айзаада Байсалова билдирди.
— Бул сапартакиада М.Иманалиев орто мектебинин мугалимдер жамаатынын уюштуруусунда өттү. Бул таймашка 8 айылдын мугалимдери чакырылган, бирок 6 айылдын мугалимдери келишти. Спартакиада кызыктуу жана калыс өткөрүлдү.
Өрөөндүк деңгээлден 1-орунду ээлген командалар жакында өткөрүлүүчү райондук спартакиадага жолдомо алышты.
Даярдагандар: Аман Шаршенбеков, Нуриза Аскарбек кызы.