«Нур» биомаданий ар түрдүүлүк боюнча окуу борборунда Кызыл-Туудагы мектеп окуучуларынын арасында «Кыз-жигит» сармерден конкурсу болуп өттү.
Окуу борборунун максаты — окуучулар жана айыл тургундары арасында салттуу билимдерди таратып жана аларды сактап калуу.
Конкурста 6-класстын окуучулары эки топко бөлүнүп, кызыктуу кыз-жигит сармерден оюнун көрсөтө алышты.
Окуучулар саламдашуу, улуттук бий, ыр, улуттук каада салт жана тамак-аш номинацияларында күч сынашты.
Жыйынтыгында эки топ тең чыгып, жеңиш эки топко тең ыйгарылды.
Кыздардын тобу «Кыз бурак» ыры менен өзгөчөлөнсө, жигиттер улуттук «кыргыз бийин» акробаттык кыймыл аракеттер менен жогорку деңгээлде аткарышты.
Даярдагандар: Оморбекова Аяна жана Медербекова Сайкал.