Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Т.Сатыбалдиев орто мектебинин 9-классынын окуучулары “Мугалим кесиптердин төрөсү” деген темада кече уюштурушту.
Бул тууралу 9-класстын жетекчиси Кайыркүл Турарбек кызы билдирди. Анын айтымында, өзүнүн окуучулары мугалимдер күнүнө карата мугалимдерге жана ардактуу эс алуудагы мугалимдерге арнап чакан концерт беришти. Кеченин жүрүшүндө окуучулар ыр ырдап, бийлеп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Пенсионер мугалимдерди кызыктуу оюнга чыгарышып, жагымдуу маанай тартууланды. Жыйынтыгында мектеп коллективи 43 ардагерге сый тамак уюштурду.
Даярдаган: Н.Рыскулова