Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлери, айылдын демөөрчүлөрү тарабынан 1-октябрда Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын кары адамдарына сый тамак уюштурулду.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А.Кожошов, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтоналиев, Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы Тагайбек уулу Дамир, Аялдар кенешинин төрайымы В.Эпеева, Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин директору Т.Эралиевдер келишип, аксакал-байбичелерди куттукташты. Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучулары тарабынан концерт уюштурулду.
Карыялар да өз өнөрлөрүн тартуулашып, Карыялар кеңешинин төрагасы К.Жусубакунов, Аксакалдар сотунун төрагасы К.Турсуниязов жана ата-апаларыбыз бири-бирин майрамдары менен куттукташты.
Айылдын соцкызматкери Б.Эрмекованын айтымында, эки айылдын 120 карыяларына айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 10 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Даярдаган: А.Мааметова