Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында үч тилдүү жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
Үч-Коргон айылында 150 балага ылайыкташкан Алишер Новои атындагы мектептин ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Мектептин курулушуна 10 милион сом каражат сарыпталды.
Мектеп АРИС агенттиги, жеригилктүү бийлик менен тургундардын колдоосу менен курулган.
Мектептин стол жана отургучтарын Билим берүү жана илим министрлиги камсыздап, бардык шарттары менен пайдаланууга берди. Бул мектепте окуу кыргыз, орус, өзбек тилинде жүргүзүлөт.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор