Кадамжай районунун Валакыш айылына баруучу жол асфальтталып, 10-октябрь күнү пайдаланууга берилди.
Асфальтталган жолдун узундугу 2 чакырымды түзүп, курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 10 млн 700 миң сом бөлүнгөн.
Пайдаланууга берилген жол Майдан жана Чаувай айыл аймактарынын аралап өтөт.
Жолдун ачылышна Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Даярдаган: Абдурахманова Гүлбахор