Сокулук районунун Орок айылдык өкмөтүнүн башчысын шайлоодо башчы шайланбай калды. Кийинки шайлоо 21-октябрда болмокчу.
Жал айылынын жергиликтүү кеңешиндеги депутаттардын төрагасы Эрик Дөлөткулов буларга токтолду:
— Бүгүн 2017-жылдын 11- октябырында айыл өкмөтүнүн башчысына шайлоо болду. 21 депутаттын ичинен 17 депутат катышты. Алар айыл тургунунун ичинен төрт талапкер болчу. Эки талапкер өздөрүнүн кандидатурасын алып коюшту. Азыр учурда эки талапкер калды. Учурда шайлоо өтүп бүттү. Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында эч ким шайланган жок. Эми болсо 20 күндөн кийин биздин айыл өкмөттө кайра дагы шайлоо болот.
Айыл өкмөтүнун милдетин аткаруучу Урмат Чодуев:
— Биздин айыл өкмөттө 21 депутат бар. Эки талапкер өздөрүнүн талапкерлигин коюп, добушка салышты. 12 депутат каршылыгын көрсөтүштү. Бүгүнкү шайлоо эсепке алынган жок. Эми болсо 20 күндөн кийин дагы шайлоо болот.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу
Редактору: Ууржан Молдокулов