Төрт мезгилдин ичинен кыш мезгили кандай кооз мезгил, балдар чурулдап, кар менен ойношуп, эс алуучулар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Кара-Суу айылынын окуучулары кышкы эс алууну аяктап, мектепке дем күч менен келип турган убактары.
Ар бир адам, ар бир окуучу кышкы алууну кызыктуу өткөргөнгө аракет жасайт. Ошондой эле Кара-Суу айылынын окуучулары да кышкы эс алуусун, муз тээп, коньки тээп, кызыктуу өткөрүшкөн. 7-класстын окуучусу Таалайбек кызы Айдана өзүнүн кышкы эс алуусу жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирди: “Мен кышкы каникулда таякемдикине барып, ал жактан муз тээп, эжемдерге жардам бердим. Үйгө келип, апама жардам бердим. Катокко бардым. Ушинтип сабак башталып калды,”- деп билдирди.
8-класстын окуучусу Наргилия Азатова: “Мен кышкы каникулду үйдөн өткөрдүм. Каникул ичинде кыштын кызыктуу оюндарын ойноп, классташтар менен муз тээп, үйдөн майда-чүйдө жумуштар менен алек болдум.”
Даярдаган: Нуриза Рыскулова