Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 14-январда жаңы курулган жабык футболдук аренанын ачылуу аземи болуп өттү.
Аренаны ачууга спорттук аренаны курган Тынчтыкбек Тыналиев жана Замирбек Тыналиевдердин ата-энеси жана чоң апасы катышышты. Ошондой эле презентацияга Кара-Балта шаарынын тургундары жана Бишкектен, Канттан, Таластан келген коноктор катышышты.
Футболдук аренанын кызыл лентасын кесип, аренаны ачып берүү Тыналиевдердин апасы Калдыгүл Жетигеновага жүктөлдү.
Калдыгул Жетигенова өз cөзүндө, баласы жана неберелери спортко жакын экенин айтып, аларга ийгилик каалап, Кара-Балта шаарынын тургундарын ушул спорт аренасына келип, топ ойноп, ден- соолуктарын чыңдап турууну айтты.
Презентацияга келгендер Тыналиевдерге бата беришип, спорттук аренанын ишине ийгиликтерди каалашты. Аягында келген коноктор сый тамактан даам татышып, футбол оюндарын көрүштү. Оюнда алдыңкы орунду ээлегендер баалуу белектер менен сыйланышты.
Ошентип, Кара-Балта шаарындагы биринчи футболдук жабык арена ишке кирди.
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев