Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында окуучуларга жол кыймыл эрежесин үйрөтүү максатында класстар аралык мелдеш өткөрүлдү.
Кара-Суу айылындагы Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде «Жол кыймылы, Жаш инспектор» деген темада класстар аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Калиман Маааткеримова төмөнкүлөрдү билдирди.
— Биз бул мелдешти өткөрүп жатканыбыздын себеби — биздин райондо жол эрежелери, өрт коопсуздугу боюнча райондук деңгээлдеги мелдештер ар жыл сайын өтүп тургандыктан ошого даярдык катарында өткөрдүк. Ошондой эле учурда жол кырсыктырдын саны өсүп кетти, биз ушул жаш муундарды жол эрежесин сактоого үйрөтүүнү максат кылганбыз. Бул мелдешке окуучулар активдүү катышты.
Мелдештин жүрүшүндө бир нече тапшырмалар аткарылып, ага 4-8-класска чейинки класстардын окуучулары катышкан. Окуучулар жол эрежесин кантип сактоо керектигин, кандай жол белгилер бар, алар эмнени түшүндүрөт, унааны кантип айдоо керектигин көрсөтүп беришти.
Мелдешке атайын орундар каралып, кызыктыруучу белектер тапшырылды. 2017- жылы Кыргызстанда 4311 жол кырсыгы катталган, алардын ичинен жаш өспүрумдөр катышканы 1016ны түзөт.
Даярдаган: Рыскулова Нуриза