Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: admin

Тасма: Cугат суу элдерге жетишерлик элеби?

Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Айыл тургундары айдап сепкен эгиндерин сугарууда суу жетишпей маселе жаратаарын билидирет.

Тасма: Баатыр эне наамын алган Дария Касымова

Баатыр эне наамын Тасма айылынын тургуну Дария Касымова 1972-жылы алган. Бул наамды Дария Касымова 11 балалуу болгон соң алып  мамлекет тарабынан ардак громата жана баатыр эне ордени менен сыйланган.

Тасмада электр зымдарына тийген бактар кыйылууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында электр зымдарына тийген бак-дарактар кыйылууда. Айыл тургундары үчүн да жакшы болуп жатканын билдирип өтүштү.

Чоң-Тогузбайда акыркы коңгуро майрамы белгиленди

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде акыркы коңгуро салтанаты болуп өттү. Бул салтанатта мектеп бүтүрүчүлөрү агай- эжейлерди 11-жыл окутуп өстүргөнүнө ыразычылык билдиришти. Мектепти 10-жыл мурун бүтүргөн окучулар кайрадан …

Чоң-Тогузбай: Беш жылдан бери мал алып саткан Жанат Садыров

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Жанат Садыров беш жыл бою алып-сатар болуп иштеп, үй жайын оңдоп, чоң машина сатып алган. Жума сайын жекшемби күндөрү мал базарга барып, соода менен алектенет.

Чоң-Тогузбайда АЧД боюнча балдар арасында үч күндүк машыгуу өттү

Чоң-Тогузбай айылында аскерге чейин даярдык (АЧД) сабагынын алкагында үч күндүк практикалык сабактар болду. Сабактарда практика жүзүндө иштер жана аскердик машыгу өтүлдү.

Тасма: Өспүрүмдөргө спирт ичимдиктери сатылуусу туурабы?

Азыр дээрлик бардык аймактарда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок ал мыйзамга канчасы баш ийүүдө, белгисиз.

Тасмага коңшу айылдан тактай тилгич келип кызмат кылууда

Түп районуна караштуу Тасма айылына Миң-Булак айылынан тактай тилгич келди. Бул тактай тилгич келүүсү менен тургундардын дагы бир көйгөйү чечилгендей болду.

Сүрөт баян: Тасма айылы адыр тоолору менен кооз

Тасма айылы тоолуу өрөөнгө киргендиктен айланасынын баары тоолор курчаган. Башка жерден келгендерге да адыр тоолор көрктүү көрүнөт.

Тасма: Тигүүчүлүк менен алектенген Сагынай Осмонакунова

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сагынай Осмонакунова тигүүчүлүк менен алектенип келет. Осмонакунова тиккен кийимдерин айылдагы дүкөнгө коюп өткөзөт.

Тасмада чүкө оюндары көп ойнолууда

Учурда Тасма айылында эле чүкө оюндары көп ойноло баштады. Аны айылдын кичинекей эле эмес, чоңдору да ойношууда.

Тасмада майып балдары менен жашаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Түп районунун Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч тубаса майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй-бүлөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.

Тасма: Мектеп спорт аянтчасынын абалы начар

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин оюн аянтчасынын абалы начар деп билдиришүүдө. Мурда оюн аянты талапка жооп бербеген жерге жасалганы айтылууда.

Чоң-Тогузбай айылында айдоо-себүү иштери аяктады

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын айдоо-себүү иштери аягына чыгууда. Себүү иштеринде картошканын бир канча сорттору, арпа, буудай, беде себилип, кээ бир элдер мышык чөп айдады.

Чоң-Тогузбай айылында баскетбол боюнча мелдеште Тасма курамасы биринчи болду

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын “Тогузбай ата” атындагы спорт сарайында Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата баскетбол оюну болуп өттү. Бул оюнда беш команда катышып, анда Тасма айылынын курама командасы алдыңкы орунга …

Тасмадагы ФАО уюмунун өсүмдүктөрү менен чет өлкөлүк өкүлдөр таанышты

Түп районунун Тасма айылында ФАО “Жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүп жаткан жумушчулар менен чет өлкөдөн келген атайын жарандар таанышууда.

Тасмада жол маселеси качан чечилет?

Түп районунун Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар. Айылдагы ички көчөлөр оңдолбой маселе жаратып жаткандыгын билдирет айыл тургундары. Бирок бул маселени чечүүнү жергиликтүү бийлик колго алып, акыркы үч жылдан бери …

Тасма: Тамекинин зыяндуу жактары жөнүндө тарбиялык саат болуп өттү

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 7-а классынын күчү менен  даярдалган тарбиялык саат өттү. Сабактын максаты чылымдын ар кандай зыяндуу жактары бар экенин түшүндүрүү.

Тасма: Бозо жасоо менен алектенген Лиза Кыдырбаева

Тасма айылынын тургуну Лиза Кыдырбаева бозо жасап айыл тургундарына сатууда. Айтымында ата-энелер балдарынын табитине жараша буйрутма менен бозо жасатат.

Тасма: Айыл өкмөт башчысы көчөлөргө жарык кою маселесине кандай карайт?

Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар, ал көчөлөргө жарык кою маселеси көйгөйлүү маселелердин бири экенин билдирет айыл тургундары. Айылдагы Абдыкерим көчөсүнө жарык орнотулуп азыркы күндө алар иштебей жататканын айтышат тургундар.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...