Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: tunukradio

Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды унутпасак… Кол өнөрчү Батма Бейшеева

Батма Бейшеева  бардык убактысын кол өнөрчүлүккө арнаган айым. Өз айылына уз катары таанылган каарманыбыздын кол өнөрчүлүккө кандай эмгек тийиштүү болсо ошонун бардыгын жасоо колунан келет. Ак-Талаа районунун, Жерге-Тал айылынын тургуну.

Экзотикалык үй жаныбары: кызыл кулак ташбаканын жашоосу

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну 48 жаштагы тургуну Абдалбек Турсуналиев мал чарбачылык, дыйканчылык  менен алектенет жана үй канаттуулары менен бирге  өзгөчө жандык-кызыл кулак суу ташбакасын  багып жатат.

Акталаадагы күтүүсүз табылга: адам сөөгү кимге таандык?

Ак-Талаа районунун Баетов айылында таза суу үчүн траншея казылып жаткан учурда жер алдынан адам сөөгү табылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя 16-май күнү болгон. Таза суу өткөрүү үчүн казуу иштери жүрүп …

Ак-Талаада Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Акматов ээлеген кызматынан бошотулду

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Акматов ээлеген кызматынан бошотулду. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Алманбет Акматов жүйөөлүү себептердин жана өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан алынган. Ал …

Акталаада Эл аралык музей күнү белгиленди

Бүгүн 18-май Эл аралык музейлер күнү. Мына ушуга байланыштуу  Ак-Талаа райондук тарыхый этнографиялык музейинде «Музей — тарыхтын тирүү барагы» аталыштагы маданий иш чара белгиленип, ага район бийлигинин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, …

Акталаалык балбандар грепплинг боюнча чемпионатта байгелүү болушту

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы спорт клубдун ADCC грепплинг күрөшү боюнча КРнын чемпионатына катышкан 11 балбандын сегизи байгелүү болушту.

Акталаада калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо иштери жүрүүдө

Учурда Ак-Талаа району боюнча 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Жылдык иш-пландын негизинде 460 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жана 246 даана 10/0,4 …

Климаттын өзгөрүшү эң чоң көйгөй ал табигый кырсыктарга алып келет

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү чоң көйгөйгө айланды. Абанын булганышы, токойлордун кыйылышы жана завод-фабрикалардан чыккан зыяндуу газдар Жер шарынын температурасынын жогорулашына себеп болууда. Мунун натыйжасында мөңгүлөр эрип, кургакчылык, сел …

Акталаада Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул иш-чара жээк эрозиясын алдын алуу жана кооптуу участокторду коргоо максатын көздөйт.

Куртка-Соң-Көл унаа жолу тазаланды

Ак-Талаа районундагы акыркы күндөрү жаагандан жаандан улам Куртка-Соң-Көл унаа жолундагы айрым жол тилкелерин кыян алып кеткен. Натыйжада тоодон суу менен агып түшкөн шагыл Молдо-Ашуусундагы жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылган.

Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Ак-Талаа районунда эл менен жолукту

11-майдан баштап Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо, Ала-Буга, Кара-Бүргөн , Баетов айыл өкмөттөрүндө болуп, эл менен жолукту.  Дубан башчы менен бирге Нарын облусунун …

Акылбү Султаналиева :»Бөйтө энем манасты аян бергенден соң айтып калган»

Өткөн кылымда Ак-Талаа районунун Баетов айылында Бөйтө аттуу манасчы жашап өткөн. Небереси Акылбүбү Султаналиеванын айтымында ал кишини айылдаштары манасчы кемпир деп таанышчу. Кылым жашаган Бөйтө апа (1884-1981-ж.ж) тууралуу небереси кеп …

Акталаада Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында  Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 81жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары, мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Академик Жамин Акималиевдин 90 жылдыгы кичи мекенинде белгиленди

Бүгүн  академик жана коомдук ишмер, Жамин Акималиевдин   90 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чара анын  кичи мекени  Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында өттү. Ага Ж.Акималиев үй-бүлөсү менен, ошондой эле жергиликтүү …

Акталаада туристтик сезон расмий ачылды

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы Кошой конуш аймагында жайгашкан туристтик лагерде туристтик сезондун ачылышына арналган фестиваль өткөрүлдү. Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, жергиликтүү тургундар, …

«Кол өнөрчүлүк жакшы киреше алып келет» уз Ирина Мамешованын ийгилик жолу

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну Ирина Мамешова 11-классты аяктаган күндөн тарта кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Бүгүнкү күндө ал 51 жашта, алты баланын энеси жана өз эмгеги менен киреше таап …

«Өз укугуңду бил»- акциясында 33 жаранга кеп-кеңеш берилди

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында   5-май Конституция күнүнө карата «Өз укугуңду бил» аттуу акциясы өтүп, анда юридикалык  жардам кызматы, социалдык фонд, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана …

Баетов айылында таштанды таштоочу чөлкөмгө адамды жүзүнөн тааный турган видеокамералар орнотулду

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Как-Көл жана күн батыш тарабындагы Кара-Чий  чөлкөмүн көзөмөлгө алуу максатында заманбап үлгүдөгү санарип  PTZ -камерасы орнотулду. Видеокамеранын күнү-түнү иштөө менен  бирге адамдын жүзүн …

Акталаада Эмгек күнүнө карата ишембилик өттү

Ак-Талаа районунда 1-Май Эмгек күнүнө карата ишембилик өтүп, ага айыл аймактын  тургундары, жаштары жигердүү катышты.  Айлана-чөйрөнү тазалоо менен бирге   «Жашыл мурас»  улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүздөгөн жаңы көчөттөр тигилди.

«Биз- XXI кылымдын интеллектуалдары: Акталаалык окуучулардын облустагы ийгилиги

«Биз- XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары»- аттуу Эл аралык форумунун облустук туру өтүп, анда Ак-Талаа районунун жалпы билим берүү мектептеринен жалпы 35 окуучу катышкан. Алардын эмгектери …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...