Ак-Талаа районунда ветеринар кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип, аларды район акими Мирлан Камчыбеков, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Соодонбеков, райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Талант Токтогожоев, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлзина Нураева …
Ак-Талаа районунда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүктүн алкагында карагат, кара өрүк, терек жана башка бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, ага жергиликтүү эл, жаштар көмөк көрсөтүүдө.
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жергиликтүү тургундар тарабынан мүрзөнүн 800м узундукту тузгөн айланасы толугу менен тосулду.Айылдын башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, бул иштин негизги максаты мүрзөгө мал кирип, тартип бузулушунун алдын алуу.
КРнын Президенти С.Жапаровдун колдоосу менен Баетов айылындагы Адилет сейил багында башталган жаңы заманбап улуттук парктын жана спорт комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул ири долбоордун жалпы аянты 9 гектарды түзүп, толук …
Чернобыль кырсыгына быйыл 40 жыл толду. Ушул датага карата эскерүү иш чарасы уюштурулуп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Макеева Астра Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айлында туулган. Алгач Нарындагы педагогикалык окуу жайды, кийин Нарын Мамлекеттик Униеврситетин сырттан окуп бүтүргөн. Кесиби бонча башталгыч класстын мугалими. 50 жаштагы каарманыбыз учурда Байгөнчөк айылындагы …
Ак-Талаа районуна ички көчөлөргө жана чоң жолдорго суу чачып туруу үчүн 2 даана суу чачкан атайын унаалар берилди.Маалыматка ылайык, техникалар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен алынган. Анын бири Баетов …
42 жаштагы Индира Абылгазиева учурда Байымбет атындагы орто мектебинде информатика сабагынын мугалими болуп эмгектенет. Бүткүл Дүйнөлүк теннис күнүнө карата спорттун ушул түрү тууралуу сүйлөштүк. Ал теннисти сүйүп ойногондордун бири.
Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы жалпы билим берүү мектебинде кыргыздын залкар акыны Тоголок Молдонун 165 жылдык мааракесине арналган “Улуттук мурастын улуу өкүлү – Тоголок Молдо” аттуу райондук семинар болуп өттү.
Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде акын, журналист, Кыргыз Эл акыны Өмүрбек Дөлөевдин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган “Акын жана Ак-Талаа” аттуу поэзия кечеси …
Кечээ Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде ата-энелер менен бирдикте спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ага жаш курактарына жараша 1-11-класстын окуучуларынын ата-энелери волейбол ойноп, аркан тартыш, эстафетага катышты. …
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда курулганына дээрлик бир кылым болгон аскер комиссариатынын имараты бузулуп, анын ордуна жаңы имарат курууга старт берилди.
Ак-Талаа районунда «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу эл аралык форум өттү. Иш-чара залкар жазуучунун 95 жылдыгына арналган Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында уюштурулду.
Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өттү. Аталган мектептин директору Мээрим Кулманбетованын айтымында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 539 000 (беш жүз отуз тогуз миң) …
Бүгүн Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин утурлай иш чара уюштурулду.Тактап айтканда, жазуучунун чыгармаларынан даярдалган кызыктуу тест форматында суроолор даярдалып, ага райондук суу чарба башкармалыгынын …
Бүгүн Ак-Талаа райондук пробация органынын каттоосунда турган кардарларды социалдык жактан колдоо, жүрүм-турумун түзөө, коомго аралаштыруу максатында «Жардам» иш чарасы уюштурулду. Анда акимдин орун басары К. Эсеналиев кардарларды мыйзам ченемдерин сактоого …
Ак-Талаа районунун Баетов жана Терек айылдарында бак-дарактын көчөттөрү отургузулду.Маалыматка ылайык, Баетов айылынын борбордук аянтына, Жеңиш сейил багына жана Афган–Баткен окуяларына арналган эстеликтин аймагына жалпысынан 100 түп карагай тигилди. Көчөттөр жергиликтүү …
Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата жалпы дарыгерлик-практикалык борбору жана ден соолук кабинети тарабынан кыз-келиндер арасында аралыкка чуркоо жана эркектер арасында аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Бүгүн Ак-Талаа районунда билим берүү бөлүмү тарабынан «Жылдын мыкты мугалими-2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы-2026» сынагы старт алып, ага район боюнча 37 мугалим жана 15 тарбиячы катышууда.
Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүүгө жана сугат иштерине даярдыктар көрүлүүдө. Учурда суу каналдар, насостук станцияларда механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Эркинбек Искеновдун маалыматына караганда Баетов …