Ак-Талаа районунда «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу эл аралык форум өттү. Иш-чара залкар жазуучунун 95 жылдыгына арналган Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында уюштурулду.
Форумга жалпы 64 окуучу катышып, өздөрүнүн илимий жана чыгармачылык долбоорлорун сунушташты. Катышуучулар жаш өзгөчөлүгүнө жараша эмгектеринин маанилүүлүгү, колдонуу чөйрөсү жана коомго тийгизген пайдасы тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ж.Сыдыков атындагы балдардын билим берүү борборунун директору А. Дөөлөтбеков быйылкы форум мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи:
«Быйыл катышуучулардын иштеринде чоң өзгөрүү жана өнүгүү байкалды. Долбоорлор мазмуну жана сапаты боюнча да кыйла жакшырган», — деди ал.
Аталган форумдун негизги максаты гуманисттик баалуулуктарга, маданий иденттүүлүккө жана социалдык жоопкерчиликке таянган жаш изилдөөчүлөрдүн, инженерлердин жана ойлоп табуучулардын эл аралык коомчулугун түзүү болуп саналат.
Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты деп табылган 30 окуучу облустук турга катышууга жолдомо алышты.
https://youtube.com/shorts/0DrxOL2wPr4?si=-hjsnvBac6JfOoDK
Даярдаган: Мээрим Тентиева