16-апрелде, Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Суусамыр айылдык ооруканасында жергиликтүү тургундар үчүн көздү акысыз текшерүү иш-чарасы уюштурулду.Текшерүү заманбап медициналык жабдуулар менен жүргүзүлүп, адистер консультация берип, бейтаптардын көзүнүн абалына жараша рецепт жазып, көз айнек тандоого жардам көрсөтүшүүдө.

Текшерүүгө келген адистердин бири Жусупбек Абдикаримов («Оптомерис») мындай дейт:
«Мындай текшерүүлөр учурда өзгөчө айыл жерлеринде өтө маанилүү. Себеби көпчүлүк тургундар ар кандай себептерден улам өз убагында окулистке кайрыла алышпайт. Натыйжада көз оорулары күчөп, көрүү начарлап кетет. Мындан тышкары, Суусамыр сыяктуу бийик тоолуу аймактарда климаттын таасири да чоң — аба кургак, шамал көп, суук. Ошондуктан көздү ультрафиолет нурларынан жана шамалдан коргоочу атайын көз айнектерди колдонууну сунуштайбыз», — деди ал.

Диагностикага келгендердин саны көп болуп, бир күндө баарына жетишүү мүмкүн болгон жок. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, текшерүүдөн өтө албай калган тургундар жакынкы күндөрү коңшу айылдарга барып да текшериле алышат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай акциялар эл үчүн абдан керектүү. Себеби айрымдар шаарга барып көрүнүүгө мүмкүнчүлүк таппай келишкен. Мындан тышкары, көз айнегинин мөөнөтү бүткөндөр жаңы көз айнек тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна