Белгилүү, чыгаан журналист, маркум Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналган «Мафия» көркөм тасмасы биринчилерден болуп анын кичи мекени болгон Кочкор районундагы «Чолпон» кинотетрында бекер көрсөтүлдү

Улан Эгизбаевдин апасы Жыпар Сариева жана актёрдук топ
Тасманын бет ачарына маркум Улан Эгизбаевдин апасы, тасманын продюсери Али Токтакунов жана актёрлор катышышты. Тасма реалдуу окуянын негизинде тартылган, аны тартууга бир жылдан ашык убакыт сарпталды. Узактыгы 1 саат 45 мүнөт.

Улан Эгизбаевдин апасы Жыпар Сариева
Маркум Улан Эгизбаевдин апасы бул тасма тууралуу ой-пикирин айтып өттү:
«Биринчиден өзүмдүн жана үй бүлөмдүн атынан чыгармачыл топко терең ыраазычылык билдирем. Албетте, тасма мага абдан терең таасир калтырды. Өзгөчө таасир калтырган жери Улан менен келиним экөө айылга келип, алардын башынан суу айланткан эпизоду болду. Балам Уландын элеси көз алдыма тартылды. Актёрлор да ролдорду жеткиликтүү ойноп беришиптир. Али Токтакунов жана анын чыгармачыл командасына мындан ары да мыкты көркөм тасмаларды жарата берүүсүнө тилектешмин».

Тасманы көрүүгө келген көрүүчүлөр

Жаңыл Эгембердиева- актриса
Тасмада башкы ролду, тактап айтканда, Улан Эгизбаевдин жубайынын ролун ойногон жаш актриса Жаңыл Эгембердиева буларга токтолду:
«Мафия» тасмасына кастинг аркылуу тандалып келдим. Бул роль менин дебюттук ролум. Башкы ролду ойноо мен үчүн чоң жетишкендик, ошондой эле көп тажрыйба алдым десем болот.Тасма бир жылдан ашык убакыт тартылды. Келечекте дагы мыкты ролдорду жаратам деген максаттарым бар».
Даярдаган: Бакыт Кожокматов