Жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30% жеңилдик мыйзам тарабынан бекитилген. Квотанын негизинде аймактардагы эл үчүн иштейм деген активдүү айымдардын, депутат болуусуна чоң өбөлгө түзүлдү. Бул туурасында адистер да белгилеп келишкен.
Ал эми Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Сүйүндүк Жумабек уулу жергиликтүү кеңеште аял депутаттардын орду чоң деп эсептейт:
“Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештеги депутат айымдарыбыз, сессияларда, отурумдарда өздөрүнүн маанилүү маселелерди көтөрүп чыгуу менен өздөрүнүн татыктуу орду бар экенин далилдеп турат. Коомго керектүү маселелерди көтөрүп келишет. Баарыбыз күбө болуп жатабыз. Депутат айымдардын орду чоң. Мындан сырткары коомдогу иштерге активдүү катышып келишет”.
Аял депутаттар элдин саламаттыгы, билим берүү тармактарына, көңүл бурушат. Алсак алар мектеп, бакчаны оңдоо иштерин илгерилеткен мисалдар арбын. Мындан сырткары, бюджетти бөлүштүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, эл тарабынан көтөрүлгөн жер маселесин, ирээтке келтирүүгө, иш аракеттерди жүргүзүп келишкен. Бул туурасында Кара-Суу айылынын тургуну Бурул Кадырбекова баса белгилеп өттү:
“Суу көйгөйүн чечүүгө алгачкылардан болуп депутат айымдар кызыкдар болуп келишти. Дегеле бош убакытты өткөрүүгө шарт түзүү, иш менен камсыздоо жана миграция программасынын аткарылышы боюнча өздөрүнүнүн күч аракетин жумшап келишти. Райондук деңгээлдеги иш-чараларга аял депутаттар түшүнүү менен катышып, активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат.”
Депутат аялдардын саны айылдык кеңеште жылдан жылга азайып келген. Мисалы, 2004-жылы кеңештин 19% аялдарды түзсө, өлкө боюнча айылдык кеңештерде 2008-жылы 17%, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин 10% гана аялдарды түзгөн.
Квота мыйзамына абдан көп муктаждыктар болгондуктан, Кыргызстанда 2012-жылдан баштап эле коңгуроо кагып, ошол кездеги өкмөткө кат жазышып, Жогорку Кеңешке сунуштарды айтышып, депутаттар менен иш жүргүзүп келишкен.2007-жылы квота мыйзамы киргенден кийин гана партиялардын тизмелеринде, аял талапкерлер пайда болгон. 2020-жылы өткөрүлгөн шайлоодо жалпысынан, 30% эмес,38% пайыз аялдар кеңешке депутат болуп келишти дейт “Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикменин” директору, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги Бакен Досалиева:
“Аял депутат болгондон бери көп өзгөрүүлөр болду. Биринчи талапкер катары, депутат болгондон кийин дагы мыйзам менен кантип иштеш керек, ушул сыяктуу окутуулардан өтүштү. Аял депутаттар өздөрүнүн кеңешинин регламентинде өзгөртүүлөрдү киргизди. Сунуш пикирлерди, кеңештин планына киргизишти. Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча дагы кичи гранттарды жазышып, иш чараларды өткөргөн айымдар жок эмес. Жергиликтүү маанидеги суроо талаптын, адилеттүү чечимине кызыкдар.”
Сары-Булуң айылдык кеңешинде 11 депутат болсо, алардын ичинен 5 депутат- аялдар. Жергиликтүү кеңештин төрайымы болуп аял депутат шайланган.
Анара Мааметова