Ысык-Көл облусунун Барскоон айылынын тургуну Искак Байгонуш уулу Москва шаарынан буюртма алып, өзү бычып элет жериндеги кыз келиндерге тиктирип ишкердик кылууда. Азыр ал 30га жакын кыз-келиндерди иштетип 10 күнгө он беш миӊ сомдун тегерегинде айлык төлөп берет. Учурда кыз-келиндер бычылган кийимдерди өз үйлөрүндө отуруп тигип жатышат.

Искак Байгонуш уулу
«Ден соолугума байланыштуу тигүү тармагына аралаштым. Эки балам бар, келинчегим мугалим. Мага тигүү тармагына жардам керек болгондуктан ал мектепти токтотуп технолог балуп иштейт жанымда. Шаарда дос балам швейный цехте үтүкчү болуп иштейт, ошол чакырып калды. Ошонун жанына барып иштеп кройго кызыгып кеттим. 7 жылдай кройдо иштеп жүрдүм. Көйнөктөр, кардигандар, спорт көйнөктөрү, пальто тигип атабыз. Келинчегим жетишпей атканда отура калып тигише коем бычкандан сырткары. Ошондо 10 күндө 1200 аялдардын көйнөгү болсо, 500 даана пальто жөнөтөм».
Ар бир адам кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданып келет. Окуучулар өздөрүнүн табиятына төп келбеген кесиптерди тандоосундагы негизги факторлор — алардын иш жөнүндө толук билбегенинен улам келип чыгат. Ошондой эле ата-эненин же чөйрөдөгү башка адамдардын айтуусу боюнча кесип тандап алышат. Барскоон шаарындагы №55 Кесипттик лицейдин жетекчиси Чыныбек Ажыбеков азыркы замандын талабына жараша кесипти аялдын же эркектин жумушу деп айырмалоого мүмкүн эмес экенин белгилеп, шыгына, талантына жараша иш жүргүзүүгө боло турганын билдирди:

№55 Кесипттик лицейдин жетекчиси Чыныбек Ажыбеков
«Заманга жараша азыр кесиптин же болбосо жумуштун аял,эркек деп жыныска бөлүп коюу маселеси жок. Бизде ошол эле сварканы окуп эле ширетүүчү болуп бүтүп былтыр үй-бүлөлүк шарты менен иштебей калды. Мастерликке чейин жеткен кызыбыз бар. Ушул жерден окуп бүтүп анан мастерликке алып калганбыз».
Баланын кесип тандоосуна ата-эненин ролу чон экени белгилүү. Айыл тургуну Айгүл Аблас кызы баланы кесип тандоосун мектеп жашынан эле баштоо зарыл дейт. Анткени бала жашынан эмнеге шыктуу, кайсы жумушту өз деӊгээлинде аткара билет ошого жараша калыптанышы керек. Баланы өзү жактырбаган кесипке таӊулоодо ийгилик алып келбей турганнын дагы айта кетти:

Айыл тургуну Айгүл Аблас кызы
«Биринчиден сенин эмнеге шыгыӊ бар,эмнеге кызыгасыӊ, сенин ошол жасап жаткан жумушуӊ толугу менен өзүӊө жагабы? Азыркы заманда үй-бүлөнү багуу керек, үй-бүлөгө ошол нерсе талап кылынат да. Аялдын жумушу, эркектин жумушу деген заман эмес да. Ошону улантып, иштеп үзүрүн көрүш керек. Үй-бүлөсүн жумуш менен иштеп багып атат да».
Кесипке туура багыт берүү, өлкөнүн да, жаштардын да кызыкчылыгы үчүн маанилүү.
Гүлкайыр Осмоналиева