Жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын мандатынын 30 пайызын аялдар үчүн резервдөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден бери, 2020-жылы биринчи жолу Кыргызстан боюнча чоӊ массалык шайлоо болду. Анда 448 жергиликтүү кеӊешке анын 420 айыл кеӊешке, 28 шаардык кеӊешке шайлоо болуп өттү. Көп тоскоолдуктарга карабастан аялдарга карата коомчулук тарабынан, эркек талапкерлер тарабынан дагы көп тоскоолдуктар болуп жатты. Жалпы республика боюнча 38 пайыз аялдар депутаттык мандатка ээ болушту.
Асел Аманова, Барскоон айыл аймагынын айыл кеӊешинин депутаты болуп экинчи ирет шайланып келген. Мурда шайлоолордо айымдардын саны аз болсо, 2020-жылдагы шайлоодо көбүрөөк болду-дейт. Себеби: айымдар ар кандай окуулардан окуп мырзалар жасай ала турган иштерди жасай ала тургандыгын аныкташкан.

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты Асел Аманова
Айылдын өнүгүп өсүүсүнө салымын кошуу үчүн депутат айым Асел, башка депутат айымдар менен биргеликте жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштуруп, аларда кандай көйгөйлөр бар экенин аныкташкан. Анын негизинде социалдык маселелер, кыздарды эрте турмушка берүү маселелери орчундуу болуп жаткандыгын аныкталган.
«Айымдар саясатта ордун табуу үчүн ар бир айым өзүн-өзү өстүрүш керек. Ички дүйнөсүн кеӊейтиш керек, көбүрөк окуп, чогулуштарга катышып эл алдында сүйлөгөндө тартынбаш керек. Ой жүгүртүүнү кенен өстүрүү керек.Ошону менен бирге эле депутаттык мандатка ээ болгон соӊ элдин жүгүн көтөрө билүү зарыл. Мурда айымдар шайлоолорго аз барышчу. Мыйзамга 30 пайыз квота боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенден бери айымдардын катышуусу, ой жүгүртүүсү кыйла жогорулады».
Негизи айым депутаттар эмне үчүн чечим чыгаруучу деӊгээлге келиш керек, анткени бизде коом өзү аял, эркектен тургандан кийин ошол аялдардын дагы эркектердин дагы маселесине көӊүл бурулушу керек. Баарыбызга белгилүү болгондой 2005- жылы Жогорку Кеӊешке бир дагы айым депутаттар шайланбай калган. Ошондон улам ошол жылдары социалдык, балдар, кары картаӊдар, ден-соолук, миграция, билим жана бюджет маселелери каралбай калып аялдардын үнү угулбай калганын- Асел Аманова кошумчалай кетти.


Барскоон айылынын депутат айымдары жергиликтүү калкты кыдырып көйгөйлөрдү тактагандан кийин берилип жаткан жардамдарга көзөмөл жүргүзүү учуру
«Азыркы учурда депутат аялдар келгенден бери бир топ өзгөрүүлөр болду. Аялдар ошол социалдык маселелерге жергиликтүү бюджеттен акча бөлдүрүп атышат, ар түрдүү иш чараларды өткөрүп кичи грантарга долбоор жазып, ошону менен дагы бир топ маалымат кампанияларды өткөрүп, мектеп менен иштешип, алар жакшы активдүүлүктү көтөрүп жатышат. Жергиликтүү кеңеште айымдардын орду аябай чоӊ. Аялдын коомдогу ролу бул биринчиден эне, өмүрлүк жар, мүмкүнчүлүктөр, башкача айтканда аял-аялды гана түшүнөт. Эмнеге муктаж, эмне керек финансылык жактанбы, тиричилик жактанбы, жан дүйнөсү жактанбы. Ошондуктан мен ойлойм жергиликтүү кеӊеште аялдын орду абдан маанилүү».
Барскоон айыл аймагында 2012-жылдан бери жергиликтүү кеӊешке депутат болуп шайланып, төрагалык кылып коомчулук жумуштарды аркалап келе жаткан Насырбек Чекировдун билдиришинче, эркектер көбүнчө каражат, жер бөлүштүрүү, экономиканы көтөрүү сыяктуу маселелерге көп көӊүл бөлүп келишет. Ал эми аял затынын биринчи муктаждыгына көп көңүл бурушпайт. Ошондуктан тең укуктуулук маселесин эске алып, аялдарды чечим кабыл алуучу органдарга тартуу менен социалдык багытты жакшыртуу керек.

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин төрагасы Насырбек Чекиров
Саясатта гендердик тең салмактуулукту сактоо, аялдардын депутат болуусуна жол ачуу максатында 2019-жылы 30 пайыздык квота мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, парламентте, жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 30 пайыздан кем эмес болушу керек.
Мындан улам 2020-жылы болуп өткөн жергиликтүү кеӊештердин шайлоосунда айымдардын саны 38 % өскөн. Жыл өткөн сайын айымдардын саясатка аралашуусу жогорулап бара жатат. Алар ар дайым коомчулукта аял затынада кандай көйгөйлөр болуп жатканын сессия учурунда биринчилерден болуп көтөрүп чыгышат,-деп билдирди Барскоон айылдык кеӊешинин төрагасы Насырбек Чекиров.
«Мурунку чакырылыштарга салыштырмалуу айылдык кенештерде айымдардын депутат болуп келүүсү, коомдук жумуштарга катышуусунда өсүү бар. 2012- жылы Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинде 3 айым депутат, 2016- жылы 5 депутат айым ал эми 2020 жылдагы шайлоодо жалпы 21 депутат шайланып, анын ичинен 8и айым депутаттар. Ошону менен бирге айыл аймакта дагы өнүгүү бар. Себеби, айым депутаттар социалдык маселелерге көп көӊүл буруп келүүдө.Ушул тажрыйбамдан улам аял затынын коомдогу орду жана депутат айымдардын коомчулукта көтөргөн маселелери аябай маанилүү. Эркектер көбүнчө каражат, жер бөлүштүрүү, экономиканы көтөрүү сыяктуу маселелерге көп көӊүл бөлүп келишет. Ал эми аялзатынын биринчи муктаждыгына көп көңүл бурушпайт. Ошондуктан тең укуктуулук маселесин эске алып, аялдарды чечим кабыл алуучу органдарга тартуу менен социалдык багытты жакшыртуу керек».
Бюджетке көп өзгөртүүлөрдү киргизүү, социалдык маселелерге акча бөлдүрүү, гендердик бюджетти кабыл алуу жагынан ошол аялдардын ролу чоӊ. Бизде коом аял эркектен тургандан кийин сөзсүз түрдө аялдардын дагы эркектердин дагы балдардын дагы маселеси жогорку деӊгелде каралыш керек дейт,- аялдарды колдоо борбору коомдук бирикменин аткаруу директору Бакен Досалиева.
«Мурунку жылдарда аялдардын, кары-картандардын, балдардын маселесине көп көнүл бурулбай келген. Эркек депутаттар көбүнчө бизнести өнүктүрүү же болбосо башка мамлекет менен алака түзүү көйгөйлөргө көнүл бурушат. Ал эми көбүнчө жергиликтүү кенеште болсо жер маселеси,бизнес ачуу маселеси жана ушул сыяктуу аларды башка маселелер кызыктырган. Ошондуктан коомдун өнүгүшүндө кичине тоскоолдуктар болуп турган. Коомдун өнүгүүсү аял тарабы дагы, эркек тарабы дагы жакшы өнүккөндө алдыга жылат. Же болбосо биздин коом мурда аялдар тарабынан аксап турганын айткым келет».
2019-жылы августа бул мыйзам президент тарабынан кол коюулгандан кийин Кыргызстан боюнча активист айымдар үчүн ар кандай окутуулар жүргүзүлө баштаган. Ал окутуу, тренингдерде айымдарды депутаттыкка талапкер катары даярдашкан. Аялдардын парламентте болушу өтө маанилүү деп эсептеп келишкен. Себеби алар мырзаларга караганда социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурушат. Басымдуусу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында эмгектенгендиктен бул жаатта кандай көйгөйлөр бар экенин жакшы билишет. Мындай маселелерди жөнгө салууга аялдардын пикири, салымы болушу зарыл экенин Бакен Досалиева билдирди.

Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикменин аткаруу директору Бакен Досалиева.
«Шайлоо мыйзамдары, эл аралык нормалар жөнүндө, депутаттыкка келгенден кийин кантип иштеш керек ошол жөнүндө бир топ деӊгээлин көтөрдүк. Депутат болгондон кийин депутат катары кантип иштеш керек, жергиликтүү маанидеги суроо талаптарга кандай көӊүл буруш керек. Гендердик бюджет деген эмне, кайсыл мыйзамдар менен иштешет, айыл өкмөт менен алардын мамилелери жана кеӊештин регламенти кандай, дегеле бардык майда суроолорго чейин аларга тренинг өтүп окуттук. Андан кийин дагы жарым жылдан ашык консультация берип турдук».
Ал эми дүйнөлүк практикада адамдардын жеке муктаждыгын чечүүнү аялдар эске алат деп айтылат. Кайсыл өлкөдө биринчи жеке адамдын муктаждыгы чечилбесе ошол өлкө өнүгүүдөн артта калат.
Гүлкайыр Осмоналиева