Тогуз-Торо районунда Тосмону орнотуп жана көчөт отургузган атуулдардын айлык-акысы азык-түлүк түрүндө таркатылды.

Көп жылдык бактарды тигүүнүн негизги максаты жер көчкүлөрдүн алдын алуу, айлана-чөйрөнү жашылдандандыруу жана көрктөндүрүү максатында 3450 даана көчөттөр отургузулган.

“Жашыл долбордун” алкагында 35 адам иштеген. Аз камсыз үй-бүлөлөргө, ар бирине 6 каптан ун, 35 литрден май таркатылды.

Бул туралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова