Талас шаарындагы “Жыргалбек” машыктыруучу залы көптөгөн ийгиликтерди багындырууда.
Талас шаарындагы “Жыргалбек” залына Бишкек шаарынан бери келген машыктыруучу болуп эмгектенген Жандил Болотбек уулу төмөнкүлөрдү айтты:

“Бул зал 2017-жылдын март айында ачылган, 6 облуста кикбоксинг бар экен. Ал эми Талас облусунда кикбоксинг жок экен. Талас шаарынындагы балдар дагы кикбоксингдин чемпиону болсун деп. Иштөө убактысы 1, 3 жана 5 күндөрү саат 17:00 дон 19:00 чейин иштейт.Бул жакка 6 жаштан баштап келишет. Бул убакытка чейин балдар эле келишчи, азыр кыздар дагы келе башташты. Жетишкен ийгиликтерибиз 4-5 бала Кыргызстандын чемпиону болушту, жакын арада эле Казакстан Республикасына дагы барып биринчиликти алып келишти. Спорттун 2 түрү бар биринчиси күрөш, ал эми экинчиси болсо кикбоксинг”,-деп билдирди Жандил Болотбек уулу.
Кыргызстандын үч жолку чемпиону Саламат Бактыбек уулунун айтымында:

“Мен бул жакка катышканыма 2 жарым жыл болду. Кыргызстандын 3 жолу чемпиону болдум кудай буйруса, бул жакка мен өз каалом менен келдим. Жаш өспүрүмдөргө келгиле, машыккыла жана ден-соолугуңарды чындагыла”,- деп айтты Саламат Бактыбек уулу.
Ал эми кикбоксингге дагы кызыгып катышып жаткан Алтынай Орозбекова дагы өз оюн билдирди:

“Бул жакка катышканыма 2 ай болду. Азырынча ийгиликтерге жетише элекмин, бирок буйруса жетишем деген ойдомун. Бул жакка мен өз каалом менен келдим”,- деп өз оюн айта кетти Алтынай Орозбекова.
Даярдаган: Гулназ Мамырбекова