Кыргызстандык жаш спортчу Төрөгелдиева Асема Кетмен-Дөбө аймагындагы Ак-Тектир айылынан чыккан 10-класстын окуучусу. Жакында эле Иорданияда өткөн Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча кадеттер арасында 3-орунду багындыруу менен мекенибизге чоң сыймык алып келди.
Бул жетишкендик Асеманын эркин күрөшкө болгон чоң кызыгуусунун жана тынымсыз эмгегинин натыйжасы. Ал өзүнүн машыгууларын эч качан калтырбай, күн сайын өзүнүн чеберчилигин өркүндөтүп келет. Асеманын устаты жана машыктыруучулары анын алдыдагы ийгиликтерине чоң ишеним артып, мындан ары да эл аралык ареналарда Кыргызстандын намысын коргой тургандыгына үмүт артышат.
Асеманын бул жеңиши Кыргызстандын спортчуларынын дүйнөлүк ареналарда ийгилик жаратууга болгон мүмкүнчүлүктөрү чексиз экендигин дагы бир жолу далилдеп турат. Анын эрки, чыдамкайлыгы жана тырышчаактыгы жаш муундарга үлгү болору шексиз.
Асеманын үй-бүлөсү жана мугалимдери анын ийгилигин сыймыктануу менен белгилеп, аны келечекте дагы да чоң жеңиштер күтүп турганына ишенишет. Төрөгелдиева Асема өзүнүн жетишкендиги менен гана чектелип калбай, алдыга коюлган максаттарын ишке ашыруу үчүн мындан ары да аракет кыла берерин билдирет.
Азема Кудуева