Бүгүнкү студенттер Z муунунун өкүлдөрү. Алар бир учурда 4-5 ишти бир алып кете алат жана ар кандай өзгөрүүлөргө тез адаптация боло алат дейт “Ыйык Ата Журт” коомдук фондунун мүдүрү Нурсултан Жаныбек уулу.
— Бүгүнкү студенттер кандай өзгөчөлүктөргө ээ?
— Учурда дүйнөгө белгилүү “муундар теориясы” бар. Муундар теориясы дегенде окумуштуулар 20-21 кылымдагы адамдарды муундарга бөлгөн экен. Ал: x,y,z муундары деп аталат. Азыркы учурдагы студенттерди карап көрсөк, бардыгы z муунуна туш келгендер. Эми булардын өзүнө гана тийиштүү өзгөчөлүктөрү бар экен. Алар дүйнөнүн тез өзгөрүүсү, технологиянын, коммуникациянын өзгөрүүсү менен бирге технологияга айкалышып төрөлөт. Ошондуктан, азыркы студенттер жашоону абдан бат ылдамдык менен жашап жаткан муун экен. Ошондой эле, бул муундун өкүлдөрү бир учурда 4-5 ишти бир алып кете алат жана ар кандай өзгөрүүлөргө тез адаптация боло алат. Мисалы, биздин студенттер арасында өз факультетинде билим алып жатып, дагы 2-3 ийримдер, кошумча курсттарга баргандар бар. Бул нерсеге алардын табияты уруксат берет. Келечекке алар кесиби менен бирге 4-5 жөндөмдү бирге өздөштүрүп, даярдык көрүп жатышат. Ал эми биздин ата-апаларыбызга байкоо салсак, алар өзгөрүүнү каалабаган муундар тобуна кирет.
— Сиз жетектеген фонд алдыңкы студенттерге стипендия берип келесиздер. Жылына канча студент стипендиат болот?
— 2021-2022-окуу жылына биз кайрадан стипендия бере тургандыгыбыз тууралуу билдирүүбүздү тараттык. Андан алдын былтыркы жылдан 40 студентти алган болчубуз. Стпендиаттар биздин фонд тарабынан акчалай сыйлык алып турушат. Ошондой эле фонддо ыктыярчылар дагы бар. Алар өзүн өнүктүрүү жана коомго салым кошуу багытында клубдарга кошулушат. Бизде учурда 4 клуб бар. Алар журналистика, бизнес, IT жана педагогика багытында. Ошол 4 клубдун негизинде биз студенттерди элибизге эмгеги сиңген адамдар менен жолуктурууга аракет кылып жатабыз. Фондубуз 2000-жылы ачылып, 21 жыл ичинде көптөгөн стипендиаттарыбыз өз тармагында ийгилик жаратып жүрүшөт.
— “Ийгиликтүү студент” деген сөз байма-бай колдонулуп келет. Сиз ийгиликтүү студент деп кимди атагыңыз келет?
— Биринчи кезекте “ийгилик” деген эмне экенине токтолуп алсак. Бул сөздүн түшүндүрмөсү ар бир адамдын көз-карашына жараша өзгөрсө керек. Менин жеке пикиримде, студенттер өзү билим алып жаткан адистикти мыкты деңгээлде билсе, ошол студенттин ийгилиги. Бирок, студент катары билим алган 4-5 жыл аз убакыт эмес. Бул убакытты бир кесипке ээ болуп, аяктап коюу эмес, ошол 4 жыл ичинде кошумча сөзсүз башка көндүмдөргө дагы ээ боло алган студенттер ийгиликтүү. Анткени, тез өзгөрүп жаткан коомдо айрым кесиптер жоюлуп кетүүдө.
— Учурда университетте билим алууга көп кызыкпай, багытын бизнестен же башка тармактан тапкан жаштар бар. Билим берүү системасын z мууну үчүн ылайыкташтыруу керекпи?
— Ооба, пандемияда бул нерсе сезилип турду. Ага чейин деле онлайн сабактар болчу. Бирок, ага бүгүнкүдөй маани берилчү эмес эле. Пандемиядан кийин эл кадимкидей онлайн билим алууга көндү. Учурда онлайн, үйүндө отуруп 2 жылда университеттерди бүтүргөндөр болуп жатат. Анан эми, билим берүү тармагы бүгүнкү системаны дагы тактап чыгышы керек. Бүгүнкү жаштар, z мууну билим берүүдөн эмнени күтүп жатат? – Бул дагы изилдениши керек болгон суроо. Анткени, мектепти бүтүрүп, университетте кайсы бир адистик боюнча билим алып жаткан бала 2-3 курска келгенде бизнес тармагына кетип жаткан болсо, демек студент кызыккан бир нерсесин таба алган жок дегенди билдирет.
Касиет Кубанычбек кызы