Тоо булбулу Муса Баетов 1902-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылында туулган. Үй-бүлөдө 3 кыз, 3 эркек болгон. Бардыгы тең ыр-күүгө жакын болуп чоңоюшкан. Муса беш жашка чыкканда атасынан, үч жылдан соң энесинен айрылып, алты бир тууган томолой жетим калышат. Ата-энесинен эрте калган Муса турмуштун оош-кыйышын көрүп чоңоет.
1916-жылкы Үркүндө Муса 14 жашта болгон. Ошол алааматта Машырбай, Жумабай аттуу байлар менен Кытайга кошо үркүп барган. Кашкардагы Тоюн деген аймакты жердеп, бөтөн жерде деле кой багып, бирөөнүн отунун алып жанын багат. 1917-жылы Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын жеңишинен кийин эл-жерине кайтып келет.
Кандай кырдаал болбосун колунан комузу, оозунан ыры түшпөгөн Муса Баетов өтө боорукер, өзгөчө адамгерчиликтүү, ашыкча сөзү жок, бирок, ачык айтып, ак сүйлөгөн, колу ачык, убадага, жолдошчулукка бек, ток пейил, сыпаа адам болгон дешет.
Ал эми Муса Баетовдун небереси Алтынбек Чодолдоев: “Эл оозунда чон атасы Бает комуз чертип ырдаган, энеси Сейил кошокчу, жамакчы болгон деп айтылат. Үй-бүлөдө Чодолдой, Бурул, Үрпүкан эжебизден кийинки Муса атабыз төртүнчү перзент болгон экен. Үрпүкан эжебиз ЖКдепутаты Мирлан Самыйкожонун чоң энесинин апасы. Бурул эжебиз Байгөнчөккө, ал эми Батма эжебиз Түштүктө Мырзаке деген жерге турмушка чыккан. Балдары менен байланышып турабыз. Алтынчы атабыз Адыбай согуштан кайтпай калган. Кыздарынын бири Каныкей жана Азымкүл. Азымкүл эжебиз Эмгек сиңирген бийчи (балерина). Советтик доордо Муса атамдын өмүр жолу бир аз бурмаланып калган. Муну моюнга алыш керек. Апабыз Иманбү экөө бир уул, бир кыздуу болушкан. Сапарбек кичине кезинде эле көзү өтуп кеткен экен. Ал эми кызы Рая Баетова КРнын маданиятына Эмгек синирген ишмери, бугүнкү күндө ардактуу эс алууда” дейт.
Муса Баетов арасына «Ак-Сай», «Сарт калмак», «Кургур ай» аттуу элдик, Боогачынын «Үкөй», Сыртпайдын «Сыртпайдын обону» деген чыгармаларын ырдоо аркылуу белгилүү болгон.
Керемет үндүү ырчы Тоголок Молдонун «Үрпүкан», Нурдиндин «Нуркожо», «Жаштын сыры» аттуу көлөмдүү ырларын жогорку көркөмдүктө аткарган. Ошентип, Мусанын атагы Ак-Талаага гана эмес, Нарын өрөөнүнө белгилүү боло баштайт. Малайлыктан кутулуп, өз алдынча жашоо өткөрүп, оокат кылууга жарайт. Эс тарткандан жакын кеңешчиси, акын Абдыкалыктын жардамы менен айылдашы Дервиштин кызы Иманбүгө үйлөнөт. Жактырган жарына баш кошкондугуна, бактысын тапкандыгына кубанган Муса бүтүндөй өмүрүн ырга, күүгө арнаган.
Барчын Мамытбекова