Бүткүл Кыргызстан боюнча өтүп жаткан “Бир адамдан бир китеп” долбоору Баетов айылында да өтүүдө. Аталган долбоордун алкагында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Бүгүн Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Жаша китеп!” аттуу чакан линейка жана китеп акциясынын ачылышы болуп өттү. Линейканын жүрүшүндө китеп жөнүндө ырлар, накыл сөздөр, китеп кайсы кылымда пайда болгон, дүйнөдөгү эң көлөмдүү китеп, эң кичине кызыктуу маалыматтар айтылды.
Алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү, адамдардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу максатында өтүп жаткан акция тууралуу Бейшеналиев атындагы орто мектебинин китепканачысы Тыныбек кызы Жылдыз төмөнкүлөргө токтолду: “Жалпы республика боюнча өтүп жаткан “Бир адамдан бир китеп” акциясы бизге да келип жетти. Бул акция 20-майдан 30-майга чейин уланмакчы. Китептерди кабыл алып жатабыз. Буга чейин айылыбыздын тургуну Абакиров Курманбек агабыз 100 ашык китеп тапшырып кеткен”. “Ар бир адам өз өлкөсүнүн, жашаган жеринин өнүгүүсүнө салым кошсун деген негизде китеп акциясына карата атайын чакыруу баракчаларын таратканбыз. Дагы деле китептер кабыл алынууда, 1 китеп болсо да айылыбыз үчүн өз салымыңыздарды кошуңуздар демекчимин”- деп кошумчалады.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан.