Чүй облусунун Кызыл – Туу айылынын Новое айылынын дачасынын жашоочусу Зейнеп Гүлжигитова карантин мезгилинде жашылча- жемиш өстүрүү менен алектенди. Учурда түшүм жыйнап, пайда табуунун алдында турат.
Багбан Гулжигитова Зейнеп
Карантинде кары адамдарга оор эле болду…
— Ата бабалар кыйынчылык мезгилди ынтымак ырашкерлик менен женип келишкен. Кыргызстанда эле эмес бүт дүйнө жүзүндө кыйын болду деп эсептейм. Карантин учурунда бизге окшогон кары адамдарга кыйын эле болду. Жөн отурбай жерибизге жер жемиш тигип алектендик, балдар келиндерим жана неберелер жардам беришти.
Күздөгү салат жасоо мезгилине карата өстүрөбүз
— Помидор, ачуу, таттуу калемпирлер, пияз, чеснок, жүгөрү айдаганбыз. Май айынан баштап парникке өстүрүп баштадык, андан кийин талаага алып келип отургуздук. Негизинен биз салат мезгилине ылайыктап өстүрдүк. Эми жакында сатып баштайбыз.
Сокулук районундагы элеттиктер негизинен багбанчылык менен алектенишет. Кызыл- Туу айылынын тургундары малина өстүрүп киреше табышат.
Айдай Джолчубекова