Бул китепкана Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айлында 2013-жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келе жатат. «Социалдык акыйкатуулука жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерилетүү долбоорунун» негизинде ачылган.
Электрондук китепкананын ишмердүүлүгү жөнүндө китепкананын мүдүрү Сапаралиева Тоту мындай дейт:— […] Мисалы өкмөт [китепти] толугу менен камсыз кыла албай жатбайбы. Анан биз өзүбүз райондук китепкана болгондугубуз үчүн ошол китепканада жок китептерди электрондук китепканадан интернет аркылуу издеп таап берип жатабыз.
Кандай адабият китептерди тапса болот?
— Мисалы Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдук китеби чыккан. Биздин китепканада орусчасы бар, кыргызчасы жок. Айтматовдун эң акыркы чыгармасы «Тоолор кулаганда» бар. Ушул чыгарманы сурап келген окурманга, электрондук китепканадан таап беребиз. Жазуучунун кайсы чыгармасы керек болсо баарын эле табып берип жатабыз.
Электрондук китепканын окурмандары кимдер?
— Электрондук китепкананын окурмандары — бул биздин Бакай-Атанын төрт мектеби. Алардын баарын толук тейлеп жатабыз. Ак үйдөн келишет, милициянын жанындабыз, ал жактан келишет. Мыйзамдарды сурап келишет, баардык келген окурмандарды тейлеп жатабыз, керек болсо коңшу Миң-Булак жана Ак-Дөбө айылдарынан да келишет.
Кызмат көрсөтүү акысы канча турат?
— Бир барак кагазды эки сомдон чыгарабыз, интернет колдонуу бекер.
Айылдын тургуну Дамир Мамбеталиев электрондук китепкананын кызматынан ар дайым пайдаланып келет. Ал китепкана жөнүндө өз оюн төмөндөгүдөй билдирди.
— Электрондук китепкана ачылгандан бери Бакай-Атанын тургундарына эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү деп ойлоймун. Жаштарга жана Бакай-Атанын тургундарына ыңгайлуу болуп калды. Кандай маалымат керек болбосун, ушул китепканадан келип алышат.
Китеп билим булагы, дегендей заманбап жашоого ылайык электрондук китептердин чыгышы айыл тургундары үчүн чоң жаңылык болду.
Маектешкен Гүлжигит Наарынбек уулу