Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Сай айылындагы Чалдовар жатак мектебине «Газпром Нефть Азия» мекемеси тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Бакай-Ата районундагы Чалдовар жатак мектебине 11-январ күнү окуучулар жана ата-энелери менен биргеликте Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов жолугушу уюштурушту.
Жатак мектебинин директору Шаршенбек Конгантиевдин билдиришинче, «Газпром Нефть Азия» Ачык акционердик коомунан 310 матрац, 310 жууркан, бир сыналгы жана ошондой эле жаңы жылдык белек катарында 320 балага таттуулар тапшырылган.
«Газпром Нефть Азия» ААКсынын директору Манас Акматбеков мектепке материалдык жардам берүү үчүн жалпы 200 миң сомдон ашык акча каражаты жумшалганын айтты.
«Чалдовар мектебиндеги муктаж болгон балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жардам берүүнү чечтик. Чынын айтсам, акча каражат болгонун так санын билбейт экенмин, бирок 200 миң сомдон ашык акча каражаты жумшалды», — деп билдирди Акматбеков.
Демөөрчүлөргө ата-энелер менен окуучулар баталарын беришип, ыраазычылыктарын айтышты. Мектеп жетекчилиги күз мезгилине чейин кичи футбол аянтчасын куруп берүүнү компаниядан өтүнүн кетишти.
Даярдан: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
НМ