Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы жамааттык мультимедиа борборунун кабарчы-ыктыярчылары Ставрополовка айылына барып, журналистиканын негиздери боюнча окуучуларга тренинг өтүштү.
Ставрополовка айылынын 9-классынын окуучусу Нуржибек Кубанычбек кызы журналистикага кызыгып, бул сабакка келгенин айтат.

«Журналистика окуусуна кызыгып жана жаңылыктардан артта калбай, мен
дагы кызыктуу маалыматтарды эл менен бөлүшүп, үйрөнгөнү келдим. Медиа борбору ачылганы жакшы болду», — деди Нуржибек.

Нуржибектин классташы Александра Коломейцова да журналистика сабагына кызыгып катышканы келген.
«Анткени бул мага кызык жана келечекте керек болот деп ойлойм. Жаңылыктар кандай жазылары мага кызык», — деди ал.

Ставрополовкада ачылган «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун филиалына чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Нуржибек Кубанычбек кызы, Анастасия Фисенко, Александра Коломейцова, Элина Азаркулова
Редактор: Гүльзада Бейшенбекова
Сынак үчүн