Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында волейбол залы ачылды. Буга чейин спорт залдын ордунда гараж болуп турган.
Волейбол залынын ээси Занаш Молдожановдун айтымында, долбоор жазылып, анын арты менен волейбол залы курулган.
«Долбоордон кийин «Жаш күч» кылып Алтынбек Сулайманов жардам берип бүтүрүлгөн», — деп билдирди Молдожанов.
Волейбол залына чейин бул жер биринчи бул жер бокс жана күрөш залы болуп ачылган.
Бокс жана күрөш залы болуп ачылганда, жаштар көп деле келген эмес. Ага байланыштуу зал жабылып, кийинчирээк аны волейбол залына айлантышкан.
Мектеп окуучусу Ибрахим Ниязбек уулу «Мектептин залында жакшы деле ойной алчу эмеспиз, бул залда каалаганча ойноп жатабыз» деп айтты.
Даярдаган: Коңурбаева Тинатин
Редактор: Хусейн Курсантбек уулу
Сынак үчүн