Кыш келээри менен Сумбула айыл аймагында карышкыр көбөйөт. Көздөгөнүнөн кайтпаган бул карышкырлар адамдарга да кол салуудан баш тартпайт. Андарактагы мергенчилердин бири Асыл Жалилов менен көк жал жаныбардын табияты тууралуу маек курдук.
Айылда бир карышкырдын башына үч миң сом сый акы каралган. Бул боюнча айыл өкмөттүн кызматкери жана ветеринар Олмас Мухитинов менен баарлаштык.
— Өтүп кеткен 2016-жылда жалпысынан сегиз карышкыр атылып, өкмөткө тапшырылган. Ар бир өлтүрүлгөн карышкырга үч миң сом каралган. Сумбула айыл аймагы боюнча сегиз карышкырды төрт мергенчи аткан: Көк-Таштан 1, Искрадан 2, Андарактан 1. Бул карышкырларды мергенчилер гана эмес, дегеле ким эле атып келип, бизге тапшырса үч миң сом сый акы берилет. Бир гана мылтык менен эмес, таяк, таш болобу айтоор карышкырды өлтүрүп келип бизге тапшырса болду. Мергенчилер дагы деле болсо карышкырларды атып жүрүшөт.
Учурда карышкыркырдын көбөйгөнүнө кол куушуруп отурбай айылдагы мергенчилер да өз ишин аткарууда.
Андарактагы мергенчилердин бири Асыл Жалилов менен көк жал жаныбардын табияты тууралуу маек курдук.

Айылыбызда карышкырлар көбөйүп калды дешет. Дегеле, карышкырлар качан көбөйүп калат?
— Ооба, карышкырлар көп. Карышкырлар негизинен ”куу туба” деп коюшат, бул чилде киргенде болот. Ошол убакта карышкырлар көбөйөт. Мага бир киши кабар берип калды “Көк-Ташка кетип жаткан жолдо карышкыр жүрөт” деп. Жетип барып карасам бир карышкыр жүрүптүр, дароо ошол жерде аттым. Карышкырларды негизинен атыш кыйын, булардын жыт сезүүсү аябай эле күчтүү, көрүү, угуусу да аябай күчтүү болот. Буларды колго түшүрүү кыйын иш.
Эмнеге башка бодо малга караганда жылкыга өч келет?
— Анткени, жылкыларды элдер талаага үйүр-үйүр кылып кароосуз эле айдап коюшат. Аны көргөн ач карышкыр ага кол салбай койбойт. Мисал үчүн, бир жылкы үйүрдөн четтеп калса, аны дароо карышкырдын үйүрү жеп кетет. Жалгыз карышкырдын күчү бир жылкыга жетпейт. Ошон үчүн үйүрү менен жейт.
Карышкырлар көбүнчө үйүрү менен жүрүшөт. Баш пааналаган жайы болобу?
— Булардыкы болбойт. Кайсыл жерде болбосун жатып кете берет. Төл убакта гана бир үңкүрдө төлдөп, бөлтүрүктөрү чоңойгуча ошол жерде болот. Булар бир төлдөгөндө эң көп 8-9га чейин төлдөйт. Анын 4-5и гана аман калат. Булар бир күн бою тынбай кып-кырлап жүрө берет. Бүгүн бул жерден көрсөң, эртең башка жерден көрөсүң…

Карышкыр адамга кол салышы мүмкүнбү?
— Ооба, болот. Аткени алардын ач убагында эмнени болсо жеп салат. Адам болсо адамды да жеп салат. Карышкырдын бөлтүрүгүн уурдап кетсең, ал сенин түбүңө жеткиче тынбайт. Малдарын кырат, карышкырдын ушундай мүнөзү бар. «Карышкыр кошунасына тийбейт» дешет… Ал сөзгө деле ишениш, жок ач калганда кошунасын да жеп салыштан кайтпайт.
Карышкырлардын көк жалы дегенди угуп калабыз…
— Эң жетилген төөтү көк жал болот. Бөлтүрүк чоңоюп, күчкө толгон карышкырлар болот, ошону көк жал дейбиз. Бул үйүрдө эң күчтүү көк жал болуп эсептелет. Көк жал үйүрүндөгү карып калган көк жалды үйүрү менен талап, тытмалаап салат. Ал карыган көк жал үйүрдөн качып кетип, өзү жалгыз жүрүп, ошентип өлөт. Же болбосо карыган көк жалды жайында эле талап өлтүрөт. Көбүнчө ургаачысы булардын үйүр башчысы болот.
Карышкырлар кандай учурда улушат?
— Алар бири-бирин жоготкондо, өз араларында чогулуш кылганда, же олжо болгондо улуп чакырышат.

Карышкырдын кандай пайдалуу жактарын айта аласыз?
— Карышкыр — табияттын санитариясы. Алар өлүп калган кандай эле жаныбар болбосун вирус таркатпай жеп салат. Жаңы эле өлгөн жаныбардын этин жейт. Мурда өлгөнүн жебейт. Карышкырдын организми аябай күчтүү болот. Экологияга ушундай пайдасы бар.
Дартка да даба дешет…
— Мен да уккам, аныгын өзүм билбейм. Адамдар этин кайнатып жешет. Менден да этин сураган күндөр болгон.
Карышкырлардын дагы кандай өзгөчө сапаттары бар?
— Бир үйүрдө кандайдыр бир жерге чейин өзүлөрүнүн териториясы болот. Ага атайын белги коюп алышат. Сийип же болбосо тырмап салышат. Ага башкаларын киргизбейт, кирсе талайт, күчтүүсү ал жерде калат.
Маегиңизге чоң ырахмат!
Даярдаган: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн
АК