Лейлек районунуна караштуу Көк-Таш айылындагы Саттаркулов орто мектебинин окуучусу Бекзат Акылбек уулу «Акыл ордо» интелектуалдык оюнунун финалына даярданып жатат. Ал 6-декабрь күнү оюнга катышып финалга жолдомо алган.
Бекзат Акылбек уулу финалга өтүш үчүн мектептик, зоналдык, региондук, райондук сынактарга катышып 1-орунду алган соң Лейлек районунун атынан Бишкек шаарына барып «Акыл ордо» сынагынын финалына чыккан.
«Атаандаштарым күчтүү болду. Учурда логикалык китептерди окуп, массалык маалымат каражаттарынан акыркы жаңылыктарды окуп жатам. Финал качан болоору белгисиз. Келерки жума Бишкекке жөнөйбүз», — деп билдирди Бекзат.
Даярдаган: Нурсейит Төлөнбай уулу
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн