Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Илгиз Эгемберди уулу 14 жашынан бери жазуучулук менен алектенип келет. Учурда анын жети китеби жарык көргөн.
21 жаштагы жазуучу Илгиз Эгемберди уулу мектеп курагында башталган жөндөмүн өнүктүрүп, кийин жогорку окуу жайга өткөндөн кийин китеп бастырып чыгарганын айтат.

«Менин жазуучулукка болгон кызыгуум 8-класстан башталган. Ошол учурдан баштап 11-класска чейин сөздөрдү жазып, топтоштурдум. Кийин окуу жайга барганда жазган материалдарымды китепке айландырып чыгартып алгам», — деди Илгиз.
Илгиз жаңы жылдан баштап адабий чыгармаларды жаза баштаарын айтып өттү.

«Азырынча кандай темада жазарымды ойлонуштура элекмин. Менин китептерим элдин купулуна толгон, элге пайдасын тийгизген чыгармалардан болушун каалаймын», — деп кошумчалады жаш жазуучу.
Илгиз Эгемберди уулунун эки бөлүктөн турган «Ден соолук жана сулуулук» аттуу китеби, «Ооруларды табигый жол менен даарылоо», «Ойлоп табуулар», «Бактылуу миллионер болуунун сырлары» аттуу жыйнактары чыккан.
Даярдагандар: Баатыр Кудайназаров, Гүлкайыр Жороева
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн