Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мекебинин окуучулары республикалык спартакиаданын зоналык баскычына даярданып жатышат. Сумбула айыл аймагы боюнча зоналык баскыч да аталган мектепте өтмөкчү.
Манас орто мектебинин дене тарбия мугалими Гасыидин Алдашевдин билдиришинче, зоналык тур 21-январда болмокчу.

“Буга алты мектептин спортчулары катышат. Зонада тогуз коргоол, баскетбол, шахмат шашки, стол тенниси жана валейбол мелдештери өткөрүлөт. Волейбол мелдешине 8-9-10-11-классынан жакшы ойногон спортчулар таңдалып алынды. Учурда даярдыктар жакшы”, — деп айтты Алдашев.

Мекептин 9-классынын окуучусу Темирлан Талантбек уулу волейбол боюнча зоналык мелдешке катыша турган курамада ойнойт. Учурда ал спорт ийримдерине катышып, турнирге даярданууда.

“Мен үч жылдан бери волейбол оюнун кызыгуу менен ойноп келем. Быйыл биринчи жолу ушундай жогорку деңгээлдеги спорттук олимпиадага катышып жатам. Күнүгө мектептин залына келип, волейбол ойноп даярданып жатабыз”, — деди ал.
Даярдагандар: Перизат Каландарова, Бактыгүл Жумабай кызы
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн