Суусамыр өрөөнүндө январь айынан баштап суук күч алып, айыл тургундарына жана окуучуларга көптөгөн кыйынчылыктарды алып келди.
11-январга чейин деп айтылган кышкы эс алуу дагы бир жумага узартылды. Себеби, Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы -45 градуска чейин суук болуп жатат. Бүгүн кайрадан райондук билим берүү бөлүмүнө сууктун дагы эле күчөп жаткандыгы тууралуу билдирүү берилип, окуучулардын эс алуусу 19-январга чейин дагы узартылды.
К.Конушбаев атындагы орто мектебинин мугалими Нургүл Алияскарова бул тууралуу мындай деди:
— Алыс жерде жашаган окуучулар бар. Буга чейин буту-колун үшүтүп жиберген балдар да болгон, ошондуктан алдын алуу үчүн каникул дагы узартылды. Учурда суук айыл ичинде -40 градус, айдарым жерлерде -45 градус болуп жатат. Кичинекей балдар суукка туруштук бере алышпайт да.
Мектеп окуучусу Сактан Кабылбеков:
— Биз эртең менен мектепке барып-келгенче беттерибиз бууланып, чымырап кетет. Ботинкам да былтыркы болчу, суук өткөрүп жатат. Каникул узартылганы мага абдан жакты, баарына эле ыңгайлуу болду.
Сууктун катуу болушу мал багууда кыйынчылык жаратып, көмүрдүн көп жагылышына алып келгенин айтат айыл тургуну Сайнагүл Маланова.
— Бизде быйыл өтө катуу суук болуп жатат, үйлөр жылыбай, көмүр көп жагылып, чыгымга учурап жатабыз.
Суусамыр өрөөнүндө беш орто мектеп бар, алардын бардыгында 19-январга чейин окуу процесси жүргүзүлбөйт.
Даярдаган: Зыйнат Самарбекова
Мыкты макала сынагы үчүн