Зордук — зомбулук, бул кылымдардын көйгөйүү. Ишчи иштер министирлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандардын арасынан 95% аялдар. Ал эми Кыргызстан боюнча жылына 10 миңден ашуун зордук-зомбулук фактылары катталууда.
Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам, 2003 – жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жогорку жаза аялга зордук – зомбулука көрсөткөн эркек беш жылга эркининен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек дешет байкоочулар. Мунун эң башкы себеби, аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Бактыбек Сарыбаев, милициянын подполковниги зомбулук тууралуу оюн айтып кетти:
“Көбүнчө бизде зордук-зомбулук фактыларында аял заты жабырлануучу. Күйөөлөрү аялдарына карата зомбулук кылгандары катталууда. Үйдө лидерлик менде, башкаруучу менмин деген мааниде, эркектер аялдарына зордук-зомбулук көрсөтөт. Эгерде коңшулары уруш-чатак, кыйкырыктарды угуп калса, бизге анонимдик түрдө билдирип койсо, жеринен тушундүрүү иштерин жүргүзөбүз.”
2019- жылы алты ай ичинде облус боюнча 73 үй-бүлө зомбулугу катталган, алардын ичинен 3 эркек, 3 жаш өспүрүм жана 67 аял. Байкоочулардын айтымында, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук шаар жерине караганда айыл жерлеринде абдан басымдуу. Жада калса, айыл жеринде аялга ыраймсыз мамиле жасоо нормалдуу эле көрүнүш катары каралган учурлар арбын. Андыктан, элеттик аялдар көпчүлүгү өз укуктарын коргоодо жардамга муктаж. Бермет Исаеванын айтуусунда, үй-бүлөдөгу мамиле эки адамдан түзүлөт.
“Аял кишиден дагы, эркек кишиден дагы болушу мүмкүн себептер. Эркек ачууланганда аял киши түшүнүп жана аял киши ачууланып жатса эркек карманса, бул иш токтойт. Бир гана аялдар эмес, эркектер да зордук-зомбулукту көргөндөр бар”.
Эгер статистикага таянсак, бүгүнкү күндө эң өнүктү деген Европа мамлекеттеринде, ошол эле Американын өзүндө үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Бул көрүнүш канчалык цивилизацияга умтулбайлы, турмуштун ыңгайлуулугуна жетпейли, канчалык жашоо абалыбызды оңдобойлу, ошого карабастан үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин биз азайталбай келебиз. Бүгүн Кыргызстан шартынан алып караганда дагы зомбулук маселеси боюнча коомдук уюмдар гана иштеп келатат, ушуга каршы күрөшүп. Бишкек шаарында атайын “Эркектерге жардам берүү” борбору түзүлгөн, анын жетекчиси Марат Алиаскаров. Ал билдиргендей, бул фонд, атайын эркектерге жардам берет.
Психологиялык, моралдык жардам аялдарга гана эмес, эркектерге да керек. Аял киши көп учурда стресстерди курбусуна айтып, чогуу иштеген кесиптештери менен бөлүшөт, ал эми эркек киши өзүндө сактап жүрө берип, жыйынтыгында алкоголдук ичимдиктерге, баңги затына берилип кетет.
Кыргызстан эгемендүү демократиялык өлкө, адам укуктарын коргогон бир топ институттар бар, Женева Конвенциясына киребиз. Ар бир кылмыш мыйзам чегинде жазаланып, күнөөлүүлөр сот алдында жооп бериши керек.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова