Үй-бүлѳлүк зордук –зомбулуктун курмандыгына 58 пайыз аял кабылса, 18 пайызы жаш балдар жана 13 пайызы карылар, ал эми 7 пайызы эркектер кабылышат. Мисалы, жумушу жок үйүнѳн куулуп калгандар, балдары менен тил табышпаган эркектер да бар.
Республика боюнча Бишкек шаарында «Эркектерди коргоо» борбору ачылган. Ал борбордун максаты Кыргызстандагы болуп жаткан жаман кѳрүнүштѳргѳ каршы туруу, эркектерге жардам берүү, калктык генофондун оңдоо жана үй-бүлѳлүк баалуулуктарды кѳтѳрүү болуп эсептелет. «Эркектерди коргоо» борборунун демѳѳрчүсү жана жетекчиси Марат Алиаскаровдун айтымында, эркектердин зомбулуктун кандай түрүнѳ кабылып жаткандыгы туралуу издѳѳлѳр жүргүзүлгѳн эмес. Ошол себептерден зомбулук тууралуу изилдѳѳнү терең жүргүзүү зарылчылыгы бар деп эсептейт.
«Эркек дагы, аял дагы ѳзүнүн жүрүм-турумунун үстүндѳ иштеш керек. Кѳптѳгѳн маалыматтарды таркатыш керек мамлекет тарабынан дагы анан коомчулук тарабынан дагы. Кѳп учурда билбестиктен же бир ошо кандайдыр бир абройуна шек келтирген учурларда үй-бүлѳдѳ зордук-зомбулук жарык кѳрүп атат да. Ошондой эле мамлекет дагы коомчулук дагы жардым беришибиз керек да. Кѳптѳгѳн бүгүнкү күндѳ психологиялык тренингдер, атайын видеолор бар ошону угуп кѳрүп, социалдык роликтерди сыналгы аркылуу таратуу бул чоң жардам берет эле ар бир үй-бүлѳгѳ. Ошол кѳбүнчѳ учурда маалыматтын жеткиликсиздиги кѳп учурда кыйынчылыкты жаратат».
Анда зордук-зомбулукту жоюу мүмкүнбү? Ал үчүн адамдар кѳз карашын, жүрүм турумун оңдошу керек. Алсак, зомбулукчул кишилер текебердик, ач кѳздүк, ѳзүмчүлдүк деген сыяктуу кемчиликтерден арылып, башкаларды сүйүүгѳ, урматтап сыйлоого жана камкор болууга үйрѳнүшү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын жазуучусу, антрополог Алтын Капалова ѳз оюн мындайча билдирди:
«Эркектер жѳн эле баратып эле кабылып калбайт зордук-зомбулукка. Бул деген кичинекей кезинен берки тарбиянын кесепетинен болот кѳп жылдык. Ошол себептерден биздин коомдордо азыр аялдарга каршы зордук-зомбулук абдан кѳп болуп жаткан себеби ушунда. Анткени кичинекейинен эле ал ѳзүнүн үй-бүлѳсүнѳн кѳрѳт уруп сокконду, кошунаныкынан кѳрѳт, туугандарыныкынан кѳрѳт эч ким ага каршы чыкпаганын кѳрѳт, демек норма болуп калат да. Ѳкмѳт ошол мектеп программасынан баштап, жазалоого чейин ар кандай түрлүү бири-бири менен байланышкан ыкмаларды кабыл алып, анан ишке ашырыш керек».
Зордук –зомбулук эмне үчүн күч алууда? Анын ээ-жаа бербей жайылышына социалдык,экономикалык теңсиздик, башкалардын ѳмүрүн баалабагандык, аракечтик, баңгилик, балдарды жемине айлантууну кѳздѳгѳн кара ниет кишилер жана кылмышкерлердин жазасыз калгандай кѳрүнгѳнү себеп болууда. Барскоон айылынын айылынын тургуну Талан Ботбаев азыркы күндѳ аялы күйѳѳсү бири-бирин сыйлабагандыктан чыр-чатак кѳп болуп жатат деген оюу менен бѳлүшүп ѳттү:
«Мамлекет үй-бүлѳдѳн курулат. Чоң мамлекет майдаланып, үй-бүлѳ кандай болсо мамлекет ошондой болот. Аял күчтү болсо ѳзүнүн күйѳсүнүн укугун тебелеп жатат, күйѳөсү күчтүү болсо аялынын укугун тебелеп коюп жатат. Ошол аялы экѳѳ бири-биринин укугун тебелеп жатышып, үй-бүлѳдѳ чыр-чатактар кѳп болуп жатат. Чыр-чатак кѳп болгон учурда үй-бүлѳдѳгү балдар начар абалда калып жатышат».
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева