Бакай-Ата районунун борборунда жайгашкан маданият үйүндө учурда капиталдык ондоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Аталган маданият үйүнүн имараты 1967-жылы курулган. Маданият үйү имарат курулуп бүткөрүлүп, элге пайдаланууга берилгенден бери эч кандай оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.
Мындан улам имараттын чатырындагы шиферлер эскирип, кээ биржерлери сынып, тешилип калгандыктан жазында кар эриген маалда жана жай, күз мезгилдеринде жааган жамырдан суу шиферден агып түшүп, имараттын төбөсүн жана дубалдарына зыян келтире баштаган.

Ал эми имараттын төбөсүндөгү кээ бир жерлер көп жылдан бери агып түшкөн сууга туруштук бере албай урап түшүп, ошол жыртыктар аркылуу мекеменин эмеректерин, колдонучу буюмдарын жарактан чыгаруу коркунучтары келип чыккан.
Мекеменин жетекчилиги Кыргыз Республикасынынын Маданият, маалымат жана туризм министирлигине кайрылышып, канча каражат керектеле турганы боюнча маалымат беришкен.

Аталган министирлик учурда эскирип бара жаткан имаратты кайра калыбына келтирүү үчүн үч миллион 104 миң 973 сом бөлүп берип, оӊдоп-түзөө иштери башталып калган учуру.

Ал эми бөлүнгөн каражат имараттын чатырынын шиферин которуп, ичи-сыртын жаӊылап, калыбына келтирүү үчүн жумшалат. Бул оӊдоп-түзөө иштерин аткаруу тендер аркылуу жүргүзүлгөн. Оӊдоп-түзөө иштери ушул жылдын октябрь айында өткүрүлө турган Бакай-Ата районунун 80 жылдыгына карата бүткөрүлөрүн Бакай-Ата райондук маданият үйүнүн жетекчилиги бизге берген маалматында билдирди.
https://www.youtube.com/watch?v=y56Gzjbh_qA
Андан тышкары учурда октябр айында күн жылуу кезинде сырткы жумуштарын айнек менен үстүнкү шифер чатырын которуп, жылдын аягына чейин маданият үйүн, сахнанын ичин оңдоп түзөө кайрадан толугу менен бүтөрүн билдирди.
Даярдаган: Жантаева Жайнагүл
Сынак үчүн
С.Үсөн