Бакай-Ата айылындагы ооруканадагы бөлүм кайрадан жаңыланууда. Мындан 40 жыл мурда курулган оорукана Саламаттыкты сактоо министрлигинин тендери аркылуу акча каражаты бөлүнүп кайрадан жаңыланууда.
Бакай-Ата райондук оорукананын мүдүрү Жылдыз Токтосунова билдиргендей, буга чейин жергиликтүү депутаттарга кайрылып жыйынтык болбогондуктан, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышкан.
«Бул маселени 2015-жылы көтөрүп, жергиликүү депуттатарга кайрылып, ал жактан жыйынтык болбогондуктан Саламаттыктык сактоо министрлигине ооруканадагы көйгөйдү айтып чыккам. Ушул 2016-жылдын башында министрликтен 5 миллион 800 миң сом акча каржаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат», — деп айтты Токтосунова.
Бул тендердин негизинде курулуп жаткан ооруканын имараты сентябрь айынын ортолоп ишке кирип калышы күтүлүүдө. 
https://www.youtube.com/watch?v=cM-8zxtwuXY
https://www.youtube.com/watch?v=kHvNVHvajjc
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
АСе.