Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 12-октябрь күнү ишембилик болуп өттү. Бул ишембиликте башкалардан айырмаланып, мектеп багындагы мөмө-жемиштер терилди.

Ишембиликте мектептин алмаларын окуучулар теришип, мугалимдер да окуучуларга жардам берип, алмарды туурап кесип алма как кылды.

Тууралган алмаларды окуучулар капка салып, мектептин чатырына ташышты. Даярдалып жаткан алмалардын кактары кышында башталгыч класстын окуучуларына компотко пайдаланылат.

Ишембиликке катышып жаткан 8-класстын окуучусу Адил Мирзатов иш-чараны уюштурганы үчүн мектеп директоруна ыраазычылыгын билдирди.

Алма терүүдөн тышкары мектептин короосундагы чөптөр орулуп, тазаланды.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Амантур С.