Бакай-Ата райондук жалпы медициналык тейлөө борборуна Кыргызстандагы Жапон элчилигинин донордук долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар берилди.

Медициналык жабдыктарды тапшыруу жана кызматкерлердин иши менен таанышуу үчүн Кыргызстандагы Жапониянын ыйгарым укуктуу элчиси Есихаиро Ямамура, элчиликтин атташеси Акио Ягихаши, гранттык программанын координатору Назгүл Кубакаева жана башкалар катышышты. Аталган жабдуулар боюнча кыскача түшүндүрмөлөр берилди.

Кандын биологиялык анализин чыгаруучу медициналык аппараттын наркы 90200 АКШ долларын түзгөн. Бакай-Ата райондук практикалык дарылоо борборунун директору Жылдыз Токтосунова көрсөтүлгөн боордоштук жардамдары район коомчулугунун атынан ыраазычылыгын билдирди.

Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.