Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы М.Кудайбердиев жатак лицейинин окуучулары «Карек» фестивалына «Менин дүйнөм» аттуу киносу менен катышты. Жаштардын тарткан тасмасы «Мыкты актриса» наамын алып келди.
Кинонун башкы карманы жана сценарийин жазган Акмарал Ажибаева бул кинодо жашоодо болуп жаткан учурду көрсөткөнгө аракет кылганын айтат.

«Кыйынчылык менен болгон иштин акырында барыбир ийгилиги болот эмеспи. Темасын да «Менин дүйнөм» деп баарыбыз чогуу тандап алдык. Биринчи орунду албасак да «эң мыкты актриса» наамын алган мен үчүн чоң сыймык», — деп билдирди Ажибаева.

Кинонун оператору тасма жаратууда кандай кыйынчылыктар жаралганын төмөнкүчө айтып берди.

«Биз биринчи жолу кино тартаканыбызга камерага тартуу жана монтаждоо жагынан кыйналдык. Бизде видео камера, штатив жана башка техникалык каражатар жок болгондуктан камера табуу да кыйын болду. Бул кинону үч күндө тартып, монтаждап бүттүк», — дейт Бекболот.

Кинодон кадр.
«Менин дүйнөм» киносунун жаратуучулары:
Сценарийин жазган: Акмарал Ажибаева
Оператору: Бекболот Жыргалбек уулу
Монтаждаган: Аскат Жунус уулу
Кызы: Акмарал Ажибаева
Апасы: Гулчырай Рустамбек кызы
Атасы: Ынтымак Акимбай уулу
Аял: Зарина Данияр кызы
Сиңдиси: Айпери Суйунбай кызы

Кинодон кадр.
Даярдаган: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн