Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин мугалими, «Баатыр эне» Бактыгүл Айдакеева 34 жылдан бери окуучуларды кол эмгегине үйрөтүп келет. Айдакееванын өзүнчө кол эмгек бөлмөсү да бар, андан 34 жылдан берки окуучулардын эмгектерин кездештирсе болот.
Кол эмгек бөлмөсүнүн уюшулгандыгына отуз жылдай убакыт болду. Ушул аралыкта Айдакеева мыкты делген окуучулардын эмгектерин чогултуп келет.

Ал көбүнчө окуучулар улуттук оймо-чиймелерге кызыгып, кийиз менен көбүрөөк иштешээрин айтат.

«Мен бул кабинетти 30 жыл мурун ачканмын. Бул жакта мыкты делген окуучулардын эмгектери бар. Мен аларды эстелик катары сактап жүрөм, кийинки окуучулар да көрсүн деп. Кудайга шүгүр, айылда уз кыздар, уста балдар арбын. Алардын жасаган эмгектери жерде калбасын деп бөлмөгө көргөзмө катары койдум. Жылда бөлмөдөгү начар буюмдардын ордуна жаңы жакшы буюмдарды коюп турабыз. Көбүнчө окуучулар кийиздер менен буюмдарды көп жасайт. Себеби мен аларды ошол нерсеге көп үйрөтөмүн», — дейт Айдакеева.

Бөлмөдө кыздар жана балдардын эмгектери өзүнчө бөлүнүп турат. Себеби кыздар кийиз менен иштесе, балдар жыгачты колдонуп буюмдарды жасайт.


Мектептин 5-классынын окуучусу Карима Болотова «Бактыгүл эже бизди көп нерсеге үйрөттү. Азыр сайманы сайганды кичине үйрөнүп калдык. Биз да мектепке, бул кол эмгек бөлмөсүнө эстелик катары жакшы буюмдарды таштап кетебиз» деди.

Окуучулар Кыргыз Республикасынын символдорун жана кооз тарыхый жерлерин сайма менен сайып чыгышкан.

Айдакеева мындан алты жыл мурда кол эмгек боюнча облустук «Жаш Талант-2010» кароо сынагында өзүнүн окуучусу менен 1-орунду алган болчу. Анын окуучулары азыр дагы «Жаш Талант» сынагына катышып, байгелүү орундарга жетишип келет.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн