Учурда Ак-Талаа районунда 2016-жылдын 20-25-ноябрь күндөрү “Кайра жабдуу (Переоборудование)” аталышындагы рейд өттү. Иш-чаранын максаты — жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу.

Ак-Талаа райондук Патрулдук милициянын жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча ага инспектору, милициянын кенже лейтенанты Т.Иманалиев берген маалыматка караганда, иш-чаранын максаты — жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана аларды болтурбоо, автоунааларды башкаруучулар арасында автоунааларын мыйзамсыз өз алдынча жабдып алган жана спирт ичимдигин ичип алып башкарган, техникалык бузук абалда, же техникалык кароодон өтпөгөн жана башка эрежелерди бузган айдоочуларды аныктоо болуп саналат.
Рейддин алкагында райондун аймагындагы автобекеттерде эл ташуучу автоунаалардын айдоочуларына атайын инструктаж берилген. Айдоочулар сапарга чыгуу алдында медициналык кароодон текшерүү жагы жана документтери көзөмөлгө алуу жана көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жалпы айдоочулардын, эл тартуучу автоунаалардын айдоочуларына КР нормативдик стандартка жооп берүүсү, техникалык абалы боюнча өзгөчө көңүл буруу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле райондун аймагында жылып жүрүүчү посттор уюштурулган.
Даярдаган: Кушбелдекова Ширин
Редактор: Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн