16-ноябрда эртең менен биз токтогон “Golden Tulip” мейманканасынан тамактанып алып, Берлиндин вокзалына жөнөп кеттик. Себеби биздин бул күн, 16-ноябрь, Гамбург шаарындагы TIDE TV жана RADIO жамааттык медиасына, ошондой эле FSK (Эркин Радио) радиосуна барып алардын иши менен таанышуу, тажрыйба алыш, кызматташуу боюнча маек куруу үчүн арналмак.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Германиянын борборунан 08:39да чыгып, саат 10:21де Гамбург шаарынын вокзалына жетип келдик. Вокзалдын жанында эле жайгашкан “FURST BISMARK” мейманканасынан орун алдык да, бара турган жерибизге жөнөп кеттик.

Бул күндүн темасы “Жамааттык маалымат каражаттары аркылуу маалыматка жетүү, текшерүү жана аны даярдоо” болду.

TIDE академиясынын башчысы Христиан Майер биз менен маек куруп, өзү экскурсия өткөрдү. Бул медиаборбордун иши менен, студиялары менен, жабдыктары менен, кимдер иштешет — баары жөнүндө айтып берди. Төмөнкү сүрөттө биздин делегация TIDE TV де:
Бул медиада даярдалган материалдар обого абоненттик төлөөлөр аркылуу чыгарылат. Гамбургда ар бир батир 17 евро 76 cент радио жана теле үчүн төлөшөт. Ушул төлөмдөр аркылуу жамааттык медиалар каржыланат.

TIDE академиясынын студенттик ашканасынан тамактанып алып, саат 15:00дө FSK – эркин коммерциялык эмес жана жеке менчик радиосуна келдик. Бул радиону фирмалар эмес, жеке кишилер каржылап, программасынын мазмунуна кийлигише алат.
FSK радиосунун жетекчиси.
Мына ошентип, Гамбург шаарындагы жамааттык медиалары менен да тааныштык. Бул медиаларда да негизинен кызыккан адамдар иштешет. Анткени айлык жок, же өтө эле аз экен. Волонтерлору көп. Мисалы TIDEде 250 чейин волонтерлор иштешет.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Даярдаган: С. Чакчагаев.