Баетов айылындагы Э.Карасартов мектебинде жаңы компьютердик бөлмө Германия эл аралык кызматташтык уюмунун каржылоосу менен ачылды.
Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен Германия эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору тарабынан класстык эмеректер жана компьютердик жабдуулар алынып келинип, Карасартов мектебинде компьютердик класс негизделди.

Аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекова классты ачууга жалпы 900 миң сом каражат кеткенин айтты.

“Биздин компьютердик бөлмөгө 10 компьютер, фрапс, принтер, ксерокопия, 1 проектор экраны, ноутбугу менен келди. Андан сырткары 10 стол отургучу 2 шкафы менен келди”, — деп билдирди Мырзалымбекова.
Кабинеттин ачылышына райондук администрациясынын биринчи орун басары А.Сулайманов, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турусбеков жана мектептин мугалимдер жамааты катышышты.
Даярдаган: Тажиева Аима
Редактор: Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн