Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Э. Карасартов мектеби республикалык бюджеттен каржыланып, 2014-жылдын 2-ноябрында типтүү мектептин капсуласы салынган. Курулуштун бүтүшү 2016-жылдын октябрь айына пландаштырылган, бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп турат.
Учурда мектептин курулушунун 30 пайыз иштери бүтүрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин класстан тышкаркы иштерин уюштуруучусу Нелли Абылова менен маек курдук.

— 1960-жылы салынган №1 корпуска 2011-жылдын 27-январында МЧС тарабынан акт түзүлүп, мектепке кирүүгө тыюу салынган. 2014-жылда №1 корпусту бузуу иштери жүргүзүлдү. 57 млн 900 миң сомдук жаңы корпустун курулушу капсула салуу менен башталды. Мектеп типтүү болуп 275 орундуу болот. Учурда 17 млн сомдук жумуш аткарылды. Мектеп 2017-жылдын октябрь айына бүтөт деген ойдобуз. Биздин мектеп салынып бүтүп калса жакшы болмок, азыр 2 корпуста 3 смена менен окуп жатабыз. Албетте, бул бир топ кыйынчылыкты жаратат. Класстан тышкаркы иштерди, кружокторду уюштурганда мүмкүнчүлүгүбүз жок. Спорт зал жок болгондуктан дене тарбия сабагы эшикте өтүлүп жатат.

Даярдаган: Тажиева Аима
Редактор: Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн