Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы төрөт үйү маселеси көптөн бери чечилбей келет. Төрөт үйү мындан эки жыл мурда акушер, гинеколог жоктугуна байланыштуу жабылып калган болчу.
Андарак айылында эки жылдан бери төрөт үйү маселеси чечилбей келет. Бул тууралуу 16 миң калкы бар Андарак айылдык участкалык оорукананын башкы дарыгери Батыров Пахриддин мындай деп билдирди.

“Бул төрөт үйү акушер, гинекологдун жоктугунан жана жабдуулардын эскирип кеткендигине байланыштуу жабылган. Ошондон бери аялдар райондук ооруканага барып төрөп жатышат”, — деди ал.
Райондук оорукана айылдан 15 чакырым алыстыкта болгондугуна байланыштуу айыл тургундары үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Бул боюнча айыл тургуну Наюмова Сайфура мындай дейт.

“Менин биринчи төрөтүм болчу. Толгоом башталды. Аракет кылып жөнөсөм да, толгоом күчөп айылдык поликлиникага араң жеттим. Өзүбүздө автоунаа болбогондо, эмне кылмакмын? Көчөдө төрөйт белем, билбейм. Бактыма жараша поликлиникадагы мээрбандардын жардамы менен эсен-аман кызымды колума алдым. Ошолор тез жардам унаасы менен райондук төрөтканага жеткиришти. Аларга ыраазычылыгымды билдирем”, — деп айтып берди айыл тургуну.
Даярдаган: Жумагүл Кудаяр кызы
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн