Кыргызстандын айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, чакан жана орто ишкерликтин потенциалын чыңдоо аталышындагы долбоорго учурда Ысык-Көл облусундагы ишкерлер катышууда. Долбоор алкагында алар бизнес багытында билим алышат дейт “Социалдык ишкерлер ассоциациясынын” директору Бакыт Сагынаалы.
Ысык-Көл облусунда ишкерликке окуткан долбоор жүрүүдө. Долбоор алкагында, бир жыл бою аталган облустун тургундары бизнес жаатында билим алмакчы.
— Саламатсызбы. Сиздердин долбоор Ысык-Көл облусунда башталыптыр жана ал бир жылга созулат экен. Учурда кайсы айылдын ишкерлери окуп жатышат?
— Чоң рахмат. Айылдарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү долбоору учурда Караколду бүтүрүп, эми Бөкөнбаев айылына багыт алып жатабыз. Ушул күнгө чейин биз 14төн ашык тренингдерди өткөрдүк. Алардын бардыгы Аксу, Теплоключенко, Түп, Кызыл-Суу ж.б айыл аймактарда жана Каракол шаарында болду. Эң жакшысы, окутууга катышуучуларды чогултуп берүүдө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жаштардын уюмдары жардам берип жатышты. Бир жагынан азыр айылда WhatsApp тайпалары абдан өнүккөн. Алар аркылуу дагы биздин формабызды толтуруп, катышып жатышат.
— Ысык-Көл облусу боюнча жалпысынан канча ишкерди бизнес жаатында окутуп жатасыздар?
— Учурда 180ге жакын адамды окуттук. Бул окуу бир гана бизнесмендер үчүн эмес, жаңы ишкерликке кадам таштайын деп жаткан адамдарга дагы багытталды. Ишкерлик деген эмне? Бизнес планды кантип түзүү керек деп кайрылган адамдарды окута беребиз. Алардын ичинен өзүнүн чакан же орто бизнеси болгон адамдар болсо дагы жакшы болот. Негизи, айыл жеринде көп адамдар ишкерлик кылат. Аларда жок дегенде 1-2 кой, уй, жылкысы же жери бар. Бирок, ошол 1-2 нерсени кантип 4 кылыш керектигин түшүнө бербейт.
“Социалдык ишкерлер ассоциациясынын” директору Бакыт Сагынаалы жана тренингдин катышуучусу
— Бир жыл бою Ысык-Көлдүктөрдү окутат экенсиздер. Андан кийин башка облусттарда улантылабы?
— Бул пилоттук долбоор. Атайын Ысык-Көлдөн баштадык. Долбоор алкагында Ысык-Көлдүн 400гө чукул тургунун ишкерликке окутууну максат кылдык. Долбоор 3 жылга созулат. Бул жылдар аралыгында башка облусттарга дагы барабыз. Ысык-Көлдөн кийин Нарын облусуна баралы деп жатабыз. Андан кийин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Таласка барсак деп турабыз. Долбоор алкагында алыскы аймактардагы жарандардын ишкерлик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү негизги максатыбыз.
— Кыргызстанда жүзөгө ашып жаткан долбоорлор көп. Элдин кызыгуусу, активдүүлүгү канчалык?
— Айылда ушундай программаларды көргөндө, бул эмне деп чочулашат экен. Кайсы бир партия чогултуп жатабы же тармактык маркетингби деп ойлогондор да бар. Ошондуктан, биз алдын ала өнөктөштөр менен иштешип, аларга толук маалымат беребиз. Ошондой эле биздин иш-чара тууралуу постер чыгарып, ал жерге “бардыгы бекер, тамак-ашы менен…” деп жазып коебуз. Бул нерсе дагы кызыктырат. Азыр катышуучулардын активдүүлүгү жакшы.
“Мен жана менин бизнесим” тренингинин катышуучулары
— Бизнес боюнча бул тренингден катышуучулар эмнени үйрөнө алышат?
— “Мен жана менин бизнесим” аталышындагы тренинг 3 күнгө созулат. Эки күн толугу менен бизнес план жана аны жазуу, бизнести башкаруу, маркетинг, баанын тузүлүшү, анализ кылуу, өнөктөштөр менен мамиле тууралуу болот. 3-күнү “мөмө жемиштер дүкөнү” деген бизнес оюн болот.
— Тренингге катышуучулар кандайдыр бир критерий менен тандалабы?
— Негизи бардык калоочуларга мүмкүнчүлүк болот. Бирок, өзүбүздүн критерийибиз бар: 20 жаштан 60 жашка чейинки адамдарды окутабыз. Негизи улуу муундагы адамдарды дагы окутууну максат кылдык. Себеби, алар пенсия курагында үйдө отуруп калышат жана чакан мал чарбачылыгы, дыйкан чарбачылыгы менен алектенишет. Бирок, бизнес боюнча билими жок. Көпчүлүк адамдар акча санабайт экен. Үй-бүлөлүк жашоосунда акча санабагандар, бизнесте деле санабайт. Акчанын кайдан келип жатканы, кайда коороп жатканын этибар албаган адамдар көп. Акчаны саноодо сапат жана билим болушу керек. Бизнесте акчага так болууну талап кылат. Ушул нерселерди окутканда, катышуучулар өздөрүнө анализ кыла баштайт. Айрымдары, мен койду багып сатканым менен ал башка чыгымдарга кетип калат турбайбы деп жатышат.
Касиет Кубанычбек кызы
Мамытканов: Малга бир суткада 3 килограмм салмак кошууга болот