Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде ар жума сайын кесиптер арасында кароо сынактар уюштурулуп турат. Бул жолу «ашпозчу» адистигинде окуган окуучулар арасында «Мыкты ашпозчу» сынагы өткөрүлдү. Сынактын максаты – кесиптик лицейдеги атаандаштыкты күчөтүү, билим жана тарбия процессин жаӊы багытка буруу, мугалим-устаттарды, жаштарды тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү процессине тартуу.
№43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев
«Азыркы доордо билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мугалим-устаттар, окуучулар, ата-энелер, коомчулук бири-бири менен өз ара тыгыз аракетке өтүп, ортодогу байланыш мамилени улам жакындатып, бир максатка умтулалы. Атаандаштыкка туруштук бере ала турган лицей уюштуруу керек. Кесиптик лицейден бүткөн адистердин сапатына ишкерлер, кесиптик лицейдеги мугалим-устаттардын деңгээлине коомчулук нараазы болуп отургандан көрө максаттуу келечекти чогуу ойлонуп, ар ким өз абийири менен иштесин. Үлгүлүү лицей уюштурулса, ал жерде өнөр, билим алган окуучуларды, билим-кесип берген мугалим-устаттарды көрүп башка лицейлер өрнөк алат. Мындай лицейди уюштурууда анын негизги миссияларын так аныктап, келечекке багыттуу, эмгек рыногуна карата иш жүргүзүү зарыл. Ал үчүн, албетте, мыкты кадрларды даярдоо керек” — деген оюн билдирди лицейдин директору Бакыт Темиралиев.
«Ашпозчу» кесиби боюнча уюштурулган «Мыкты ашпозчу» кароо сынагы
№43-кесиптик лицейдин келечектеги ашпозчулары
Турсун Омуралиева